Парижде эргежээл аялдардын өзгөчө мода көргөзмөсү өттү. Видео

Жазылуу
Уюштуруучулар бул иш-чараны өткөрүү менен мода тармагындагы моделдерге коюлган дискриминациялык талаптарга бөгөт коюуну көздөшөт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Парижде бою бир жарым метрден ашпаган моделдердин Dwarf Fashion Show аттуу мода көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Уюштуруучулар бул иш-чараны өткөрүү менен мода тармагындагы моделдерге коюлган дискриминациялык талаптарга бөгөт коюуну көздөшүүдө.

"Мен мода тармагында 10 жылдан ашык иштеп келем. Бул жактагы талаптар бирдей, узун бойлуу жана арык кыздар гана ишке алынат", — деди аталган иш-чаранын уюштуруучусу Мириам Чалек.

Анын айтымында, бир жолу ал балдардын кийими сатылган жерден өзүнө кийим карап жүргөн кичинекей аялга жолугуп калган. Ал өзүнүн боюна ылайык кийим таппай бушайман болгонуна күбө болгон. Мындан улам Мириам жана анын командасы бул кырдаалды өзгөртүүнү чечишкен.

Dwarf Fashion Show көргөзмөсү ушуну менен алтынчы жылы өткөрүлүп жатат. Алгачкы жолу ал 2014-жылы уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0