Элжиреткен видео! Ит суу толгон уяда калган күчүктөрүн куткарып алды

593
(жаңыланган 14:20 29.09.2017)
Вьетнамдагы ит табигый кырсыктан күчүктөрүн сактап кала алды

Вьетнамда күчүктөрүн сактап калуу үчүн болгон күчүн жумшап жаткан иттин видеосу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Вьетнамдын Донгнай провинциясында нөшөрлөгөн жаан жаап, натыйжада Лу аттуу иттин уясын суу каптап кеткен. Ал өзү сыртка чыгууга үлгүргөнү менен төрт күчүгү калып калган.

Балдарын жоготкусу келбеген эне бетондолгон көпүрөгө кирүү үчүн жерди каза баштайт. Луга анын ээси жана күбөлөр жардамга келип, сууну сузуп ары жакка төгүшкөн. Бир маалда чыдамы кеткен ит суу толгон көпүрөнүн астына кирип, төрт күчүгүн тең алып чыгат. Оператор кичинекей жандыктарга жасалма дем алдыруу жасоого жардам берген.

593
Белгилер:
ит, күчүк, табигый кырсык, Вьетнам
Тема боюнча
Жолборстун дрессировщикке кол салып жаткан видеосу тарады
Пикирлер