Каучук кыз Милена! Бир дагы кыргызстандык анын жасаганын кайталай албайт

Жазылуу
Цирктин фойесинен пластилиндей ийилип-чоюлган кыз көрүндү. Ары жактан "чой бутту" деп буйрук берген машыктыруучунун үнү чыгып жатты.

Бишкектеги цирктин залына Sputnik агенттигинин тартуу тобу баш бакканда анда машыгып жаткан балдар бизди карамак түгүл, баштарын бурган дагы жок. Көрсө бул жакта тартип темирдей экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйылдык кыз өз алдынча машыгып жүрүп бир айдан кийин шпагатка отурганды үйрөнгөн
Пятнадцатилетняя циркачка Милена Урулдаева - Sputnik Кыргызстан
Айылдык кыз өз алдынча машыгып жүрүп бир айдан кийин шпагатка отурганды үйрөнгөн

Биз чыдамкайлык менен машыгуулардын аякташын күтүп, өлкөнүн эң ийкемдүү кызы менен баарлаштык. 15 жаштагы Милена Урулдаева биздин келгенибизге кубанып "эң ийилчек кыздардын биримин" деп сыймыктануу менен айтты.

Анын цирктеги тарыхы үч жыл мурун теледен көрсөтүлгөн гимнасткалар тууралуу программадан башталган. Жөнөкөй айылдык кыз көргөнүн кайталап атып, бир жумадан кийин артка ийилгенди үйрөнгөн. Ал эми бир ай өткөн соң шпагатка отурган. Өнөрүн өркүндөтүү үчүн ага үч жыл керектелген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМилена Кыргызстандагы таланттарга арналган телешоуга катышкан
Пятнадцатилетняя циркачка Милена Урулдаева - Sputnik Кыргызстан
Милена Кыргызстандагы таланттарга арналган телешоуга катышкан

"Башында денем ооруп кыйналгам, бирок кийин көнүп кеттим. Учурда жумасына беш жолу үч сааттан машыгам. Залга келбей калган күнүм болгон эмес", — деди 10-класстын окуучусу.

Кыздын машыктыруучусу Жыпара Шамырова Милена Кыргызстандагы таланттарга арналган телешоуда катышканда жардам берген. Натыйжада окуучусу экинчи орунду ээлеген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыздын ата-энеси алгач анын өнөрүнө каршы чыккан
Пятнадцатилетняя циркачка Милена Урулдаева - Sputnik Кыргызстан
Кыздын ата-энеси алгач анын өнөрүнө каршы чыккан

"Милена табиятынан өзгөчө кыз деп айта албайм, анын ийгилиги эмгекчилдигинде", — деди машыктыруучу.

Цирк артистинин ата-энеси анын мындай өнөрүнө алгач каршы чыккан. Кызынын ийилип-чоюлуп, ден соолугуна коркунуч жаратып жатканына жүрөктөрү чыдаган эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековМилена цирк артисти Аида Акматовадай болгусу келет
Пятнадцатилетняя циркачка Милена Урулдаева - Sputnik Кыргызстан
Милена цирк артисти Аида Акматовадай болгусу келет

"Классташтарым "сонун, азаматсың" деп калышат. Учурда мектептеги бардык майрамдык иш-чараларга катышам. Тойлорго дагы чакырып калышат. Эми болсо циркте дагы өнөрүмдү тартуулап жатам", — деди Милена.

Ал 29 жаштагы цирк артисти Аида Акматовадай болгусу келет. Акматова буту менен жаа атып Гиннес китебинин Кыргызстандагы аналогуна кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0