Музыкант Айдин Жумалиевге арналган концерттен бир миллион сом чогулду

Жазылуу
Музыканттын дарылануусуна каражат чогултулуп жатат

"Элес" тобунун мурдагы мүчөсү Айдин Жумалиевдин дарылануусуна каражат топтоо боюнча кайрымдуулук концертинде бир миллион сом чогулганын белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Музыканттын боор рагы илдетине кабылганы быйыл белгилүү болуп, ал Түркия мамлекетиндеги клиникалардын биринде дарыланып жатат.

Снимок с социальной сети Facebook пользователя Аидина Джумалиева - Sputnik Кыргызстан
"Элес" тобунун мүчөсү Жумалиев: кыйналып жашады дебегиле, 50 жыл бактылуу болдум
Анын дарылануусуна 25 миң доллар зарыл экени айтылган. Буга чейин өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 500 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөткөндөн кийин дагы 17,5 миң доллар керек экени маалымдалган.

Концертте Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары, 250 миң сом жардам кылган эки компаниянын өкүлдөрү иштеп, көрүүчүлөр дагы акча чогултушту.

Кайрымдуулук иш-чарасына Эркин Мукашев, Тынай Алыбаев, Кайрат Примбердиев сыяктуу ырчылар катышты.

Концерттен кийин бир миллион сом чогулганы белгилүү болуп, дагы төрт миң доллар зарыл экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0