Сауд Аравиянын королу учактан түшүп жатканда трап-эскалатор токтоп калды. Видео

Жазылуу
Сауд Аравиянын королу Россияга биринчи жолу келип жатат

Сауд Аравиянын королу Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд "Внуково" аэропортуна келип конгон учагынан түшүп жатканда трап-эскалатор токтоп калды. Анын видеосу RT телеканалынын YouTube каналына жарыяланган.

Айдоочу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясында аялдарга машина айдоого уруксат берилди
Видеодо көрүнгөндөй король трап-эскалатор менен түшүп келе жатканда ал капысынан токтоп калган. Бир саамга күткөн король андан басып түшкөн.

Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд Россияга Сауд Аравиянын королу катары биринчи жолу келип жатат. Аны "Внуково" аэропортунан ардак кароол, Россиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин, ТИМ жетекчисинин орун басары Михаил Богданов жана башкалар тосуп алган. Сауд Аравиянын королунун иш сапары 7-октябрга чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0