Вице-премьер Темир Жумакадыровдун өмүрүн алган жол кырсыктын видеосу

Жазылуу
Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгына кабылып каза тапканын укук коргоо органдарындагы булак тастыктады

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн эртең менен саат 7.45те Бишкек — Кара-Балта жолунда Москва районунун Садовое айылында болгон. Вице-премьер бараткан жол тандабас жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Жумакадыров менен бирге анын жардамчысы жана айдоочусу да набыт болгон.

ДТП на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы
ӨКМдин маалымат кызматы кырсык болгонун тастыктап, унаадан үч кишини алып чыгышканын, анын экөө мерт болгонун айтты.

Ал эми Кайгуул милициясынан үч адамдын каза болгонун маалымдашты.

Темир Жумакадыров буга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеп келген.

Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0