Бишкектин дүкөндөрүндөгү музу оголе көп азыктар

Жазылуу
1-сентябрдан тарта өлкөдө тоңдурулган балыкты сактоонун жаңы эрежелери күчүнө кирди. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары жакынкы дүкөнгө кирип тоңдургучтагы азыктын бир нече түрүн сатып келишти.

Бишкектеги тез татым жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен сатып алынып, лабораторияга берилген бургер. Sputnik иликтөөсү
Быйылкы жылдын күзүнөн баштап балык жана рак сымалдардын курамындагы музду көзөмөлдөй турган техникалык регламент иштей баштады. Суу жаныбарларындагы муздун көлөмү 5 пайыздан 14 пайызга чейин гана болушу шарт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары супермаркеттен тоңдурулган пангасиус балыгын, жарым килограмм креветка, регламентте каралбаса да бир тоок жана тооктун санын сатып келишти.

Таразага тартып алгандан кийин аталган азыктары эритилип, андан соң салмагы кайрадан текшерилди. Музу эң эле көп пангасиус балыгы болуп, андагы муз тиешелүү 5 пайыздын ордуна 44 пайызды түзгөнү аныкталды.

Экинчи орунда креветка турат. Азыктагы муздун көлөмү 7 пайыздын ордуна 43 пайызды түздү. Ал эми тооктун санын эриткенден кийин салмагы 18 пайызга азайса, тооктун эти 3 пайызга жеңилдеп калды.

Супермаркет өкүлдөрүнүн жообун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кенен окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0