Фермер Тажибаев: бөдөнөнүн жини тумшугунун учунда. Чочуса да жумуртка туубай коет

Жазылуу
Фермер Асилбек Тажибаев бөдөнөлөр назик, камкордукту талап кылган канаттуу экендигин баса белгиледи. Жеми, суусу өз убагында берилбей кечигип калса эле бири-бирин чокуп баштайт

Баткен шаарынын жашоочусу фермер Асилбек Тажибаевдин күнү эртең менен кичинекей канаттуулардан кабар алуу менен башталат. Учурда ал бөдөнөлөрдү инкубатор жолу менен көбөйтүүнүн аракетин көрүп жатыптыр. Фермер бул канаттууларды кандай шартта кармап, кантип багып, көбөйтүп келе жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Бишкектен келген идея

Баары 2013-жылы жубайы ооруп калып, дарыгерлер бөдөнөнүн жумурткасын ичүүнү сунуштагандан башталыптыр. Жумуртка издеп айласы кетет. Жол түшүп, Бишкек шаарына барып, бөдөнө кармаган фермерге капысынан жолугуп калат.

"Аны багуунун жол-жобосун сураштырдым. Бул канаттуунун жумурткасын таап, Кытайдан атайын аппарат алдырдым. Ар бир жыйырма күндө жумуртка бастырып отуруп, азыр фермада беш жүзгө жакын бөдөнө бар. Бөдөнөлөрдүн түрлөрүн мен түсүнөн ажыратам", — деди Тажибаев.

Жизнь 31-летней ЛОВЗ Лутсии Эралиевой - Sputnik Кыргызстан
Ноокендик азиз келин Лүтсия. Айылдын "109" кызматы, кассасы жана булбулу
Бул канаттуунун онго жакын түрү болот. Алар эт багытындагы жана жумуртка багытындагы болуп бөлүнөт.

Фермердин жубайы Мавлюда Тажибаева да жолдошуна кол кабыш кылып, бөдөнөлөрдүн жем-суусун берип жардамдашып жүрүп, канаттуунун сырын билип алган. Ал бөдөнө назик, камкордукту талап кылган канаттуу экендигин айтты.

Кожойкеден короодогу жылуулук 25 градустан төмөн болбошу керектигин эшиттик.

Алардын алды кургак болуусу үчүн көзү майда, темир торчо менен капталышы зарыл экен. Балапандары бир айдан кийин чоң бөдөнөлөрдү кармоочу жайга которулуп, эки айда балапандар жетилген соң жумуртка бере баштай турганын билдик.

"Тамак-ашка пайдалануу үчүн сойгонго да жарап калат. Бөдөнөлөр сууну көп талап кылгандыктан үзгүлтүксүз берип турабыз. Табигый, таза жем, буудай, жүгөрү, төө буурчак, буурчак жана күн караманы тегирменден чыгарып майдалап беребиз. Чопону да майдалап берем. Анткени курамында кальций көп экен. Жумуртканын сырты калың болушуна да жардам берет", — деди Тажибаева.

Бөдөнөлөрдүн жумурткаларын чогултуп, сатуу үчүн кутучаларга салуу милдети Тажибаевдердин 13 жаштагы кызы Зульфияга жүктөлгөн. Ата-энеси үйдө жокто бөдөнөлөрдүн жем-суусун берип, жөжөлөрүн саноо — кыздын милдети.

Адамдын денесинин орточо табы 37 болсо, ал эми бөдөнөнүкү 47-50 градус

Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга зарыл, бирок жок кесиптер. Кайсы тармак эмнеден аксайт?
"Бөдөнөлөр атайын аппаратта инкубатор жолу менен чыгарылат. Эгерде электр жарыгы өчүп калса, анда жумурткалардан балапан чыкпайт. Жумуртканы он төрт күн бою ар бир 6 саатта оодарып туруу керек. Андан кийин жумурткалар балапан чыгуучу камеранын ичине жайгаштырылат. Бөдөнөгө сууну үзбөй берүү керек. Балапандары бир жумалык боло баштагандан кийин аларга курт-кумурскаларды, сөөлжан бере баштасаңыз бат торолот. Жумуртка алуу үчүн 3-4 бөдөнөгө бирден короз болушу керек. Эки айдан соң тууй баштаган бөдөнөлөрдөн учурда күн сайын 200дөн 300гө чейин жумуртка алып жатабыз. Бул канаттуунун жини тумшугунун учунда болот. Жеми, суусу өз убагында берилбесе, бири-бири менен чокулашып башташат. Катуу чыккан үндөн чочуп, стресске кабылып, жумалап жумуртка туубай калышы да мүмкүн. Кызыгып, көрүү үчүн келген чоочун адамды да жактыра беришпейт. Аны катуу үн чыгарып, кыйкыруу менен билдиришет. Бөдөнөнүн жумурткасын муздаткычта сактаган туура эмес. Анткени адамдын денесинин орточо температурасы 37 градусту түзсө, бөдөнөнүн денесинин температурасы 47-50 градусту түзөт. Мындай учурда бул канаттуунун организминде бир да микроб жашай албайт. Ошондуктан жумурткасын ысык эмес, салкын бөлмөдө сактоо жетиштүү" — деди Тажибаев.

Дары иретинде колдонулган жумуртка

Фермер кошумчалагандай, бөдөнөнүн жумурткасын дарылык үчүн сатып алышат. Кадимки тооктун жумурткасынан үч эсе кичине болгону менен көптөгөн ооруларга табылгыс дары. Тамак-ашка колдонууга караганда өзгөчө дарылык касиети үчүн колдонгон жарандардын саны көп. Жумуртканы кайсы ооруга кантип колдонуу керектиги тууралуу дарыгерлерден кеп-кеңеш алып турат.

"Дарыгерлердин айтымында, бөдөнөнүн эти менен жумурткасы бул универсалдуу дары. Анткени ашказан, нерв системасын дарылап, сөөктү, тишти, тырмак жана чачты жакшыртат. Иммунитетти бекемдейт. Кант диабети жана бронхиалдык астмага жакшы жардам берет. Токсикозду жеңилдетүү менен кан басымды калыбына келтирет. "Жардамы жакшы болуп жатат" деп ыраазычылык айтып келгендер көп", — деди фермер.

Ургаачыга караганда эркеги көп…

Зыянкечтерди жок кылуучу каражаттардын түрүн өндүргөн биологиялык фабрика негизделип, иштей баштады - Sputnik Кыргызстан
Баткенде зыянкечтерди жок кылуучу каражат өндүргөн биофабрика иштей баштады
Баарынан да таң калыштуусу Тажибаев инкубатор жолу менен бастырып чыгарган бөдөнөлөрдүн көпчүлүгү короз болуп чыгат. Муну фермер тамашалап, канаттуулар ээсин тарткандыгы менен байланыштырат. Анткени өзүнүн беш уулу бар. Тооктору жумуртка басканда да көпчүлүк учурда жөжөлөрү короз боло тургандыгын айтат.

Асилбек Тажибаев менен Мавлюда Тажибаева эки кыз беш уулду тарбиялап өстүрүүдө. 48 жаштагы фермер бөдөнөлөрдөн сырткары үйүндө тоок, каз жана башка бир катар канаттууларды багат. Алары да инкубатордон чыгарып, көбөйтсөм деген ниети бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0