Кино тарыхындагы эң начар өлүм сценасы түрк тасмасында тартылган

Жазылуу
Ок жеп каза болгон адамдын ролун жараткан актер Бюлент Кайябаш быйыл көз жумган

Британиянын The Independent гезити кинонун тарыхындагы эң начар өлүм сценасы "Каратист кыз" (Karateci Kız) түрк киносунда чагылдырылган деп жазып чыкты.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалына арыздар кабыл алынууда
Маалыматка караганда, аталган тасма 1974-жылы тартылган.

Кадрда мурутчан киши ок жегенден кийин бир мүнөттөй ач кыйкырык салып, түшүнүксүз кыймылдарды жасаган. Анысы аз келгенсип, бул сцена жайлатылган. Адамдын боорун оорутпай эле күлкүнү келтирген бул сцена аккан кан жана жагымсыз кыйкырык менен коштолгон.

Гезиттеги маалыматка караганда, бул ролду жараткан Бюлент Кайябаш быйыл көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0