Ала-Тоо бизге кол жеткис эле... Көңүлү шат памирлик кыргыздардын Нарындагы видеосу

Жазылуу
Кыргызстанга окутуу үчүн алып келинген Памир кыргыздарынын тобу 13-октябрда кечинде Нарын шаарына келишти. Аларды өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана 300гө чукул калаа тургундары тосуп алышты. Ал эми маданият кызматкерлери алардын келишинин урматына чакан концерт тартуулашты.

Туз буйруп Ала-Тоосуна кайткан Памир кыргыздары. Көчүп келе жаткандагы видео - Sputnik Кыргызстан
Туз буйруп Ала-Тоосуна кайткан Памир кыргыздары. Көчүп келе жаткандагы видео
Журтташтарды ӨКМдин атайын эки унаасы менен алып келишкен. Жалпы жонунан Улуу жана Кичүү Памирден 33 адам келди. Арасында кош бойлуу келин да болгондуктан жалпы 34 деп айтылууда. Алардын 16сы өспүрүм, экөө жеткинчек калгандары ата-энелер.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы боордошторду тосуп алуу иш чарасына катышып келди.

Памирден келген Сыражилхак Абдылхак уулу Кыргызстандан билим алып мугалим же дарыгер болууну кыялданган балдардын бири.

"Элимди, жеримди көргөнүмө аябай кубанып турам. Биз жакта жашоо кыйын, мектеп жок сабат жоюлбай калган. Кеселдерди караган дарыгерлерибиз да жок. Биз бул жерден билим алып дарыгер жана мугалим болууга келдик. Өзүм окугандан кийин кайра Памирге барып жаш балдарга үйрөтөм. Бул жакка көнүп кетсем ата-энемди да алып келгим келет", — деди Абдылхак уулу.

Ошондой эле ал Тажикстандын чек арасынан өткөндөн кийин гана кыргыз элине жетээрине ишенгенин айтат.

Шесть семей этнических кыргызов приехали в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Памир кыргыздары тууралуу интернеттеги пикирлер. Өгөйлөбөйлү, эл кылып алалы
"Башында силерди Кыргызстанда окутабыз дегенде кантип барабыз деп түшүнө албай жаттык. Бул жакка келүүнү элестете да албайт болчубуз. Качан гана Тажикстандын чек арасынан өтүп Мургабга жеткенде гана кыргызыбызга барат экенбиз деп ишендик. Аябай сүйүндүм", — деп Абдылхак уулу кубанычы менен бөлүштү.

Ала-Тоого келген памирликтердин катарын толуктаган Рабия айым өзүнүн эки баласы менен келген.

"Улуу Памирде жашаган Эгемберди агам силерге салам дубайын айтып жиберди. Мен эки баламды окутууга келдим. Силерди көрүп аябай курсант болуп, сүйүнүп турабыз. Канчалаган кыйынчылыктарга карабай алып келгениңиздерге чоң рахмат!" — деди ал.

Журтташтарга гуманитардык жардам жеткирүү жана аларды алып келүүгө барган топтун жетекчиси вице-премьер Чолпон Султанбекова тарыхта биринчи жолу экспедиция максатына жеткенин белгиледи.

Памирлик кичинекей кыз - Sputnik Кыргызстан
Туурулган беттер, куудураган колдор. Памирдеги кыргыздар
Анын айтымында, памирлик кыргыздарды алып келип окутуу боюнча Афганистан менен меморандум түзүлгөн.

"Буларды алып келүү, паспорт жана виза даярдоо үчүн Афганистандын борбору Кабулдагы Кыргызстандын өкүлү, Тышкы иштер министрлиги жана өкмөт жергиликтүү бийлик менен алты ай бою сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мен Афганистандын бийлик өкүлдөрү менен жолукканда Памирдеги башка жарандарга да паспорт берүү боюнча сүйлөштүм", — деди вице-премьер.

Өз кезегинде Султанбекова памирликтерди окутууга багытталган атайын өзгөчө программа даярдалганын билдирди.

"Кыргызстанга келе тургандарды өздөрү кеңешип тандап, тизмесин түзүп беришти. Ошонун негизинде паспорт, виза алуу иштери жүргүзүлдү. Аларга жол узак чыдайсыңарбы десем "биз топоз менен 10 күндөп жол жүрүп ун ташыйбыз. Ошол жерде өлүп калсак кайылбыз" деп келишти", — деди Султанбекова.

Мындан сырткары, эгер алар кыргыз жарандыгын алабыз дешсе мыйзамдын негизинде аракеттер көрүлөрүн вице-премьер кошумчалады.

Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу - Sputnik Кыргызстан
Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу
Ал эми облус жетекчиси Аманбай Кайыпов этникалык кыргыздар медициналык кароодон өткөндөн кийин №87 мектеп-лицейдин Куланак айлындагы филиалына жайгашытырла турганын билдирди. Ошондой эле жатакана, тамак-аш жана коопсуздук боюнча бардык шарттар каралганын белгиледи.

Экспедиция менен барган Миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Мамбетованын айтымында, былтыр Кичүү Памирде жашагандар 1050 болсо, быйыл 800дөй киши калган. Ал эми Улуу Памирде өткөн жылы 825 адам жашаса, быйылкы эсеп боюнча 700гө чукул киши калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0