Бах, чиркин, бар экен го! АКШлык кинематографист Кыргызстан тууралуу ролик тартты

Жазылуу
Американын тургуну Кыргызстанды былтыр жай айында кыдырган

Нью-Йоркто жашаган кинематографист Дэвид Кац Кыргызстандын кооздугу, элдин каада-салты жана майрамдары жөнүндө тасма тартып, Solo in Kyrgyzstan ("Кыргызстанды жалгыз кыдыруу") деген аталыштагы видеосун жарыялады.

Беш мүнөткө созулган видеодон Ысык-Көл, Соң-Көл, Чоң-Ак-Суу капчыгайы, Жети-Өгүз жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын жайлоосундагы салтанатты көрүүгө болот.

 

 

Видеодогу жазууларга караганда америкалык кинематографист Кыргызстанды былтыр август айында кыдырган.

"Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Мен өмүрүмдөгү эң кызыктуу, эң сонун учурларды башыман өткөрдүм", — деп өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Дэвид Кац — кинорежиссер, фотограф. Дүйнөнүн булуң-бурчунда даректүү тасмаларды тартууга адистешкен. Ал өзүнүн тарткан эмгектерин Tenacity in Pursuit аттуу туристтик блогго жайгаштырып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0