Келемиш менен кыздын айыгышкан "беттеши". Видео

Жазылуу
Колуна шыпыргы кармаган кыз келемиштен качууга аракет жасаган сайын кемирүүчү жаныбар ого бетер артынан кууган.

Интернет айдыңына вьетнамдык кыз менен келемиштин айыгышкан "беттешүүсү" тараганын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Бетондолгон чуңкурдун ичиндеги кемирүүчү жаныбар кызга кол салууга аракет жасаган. Ал болсо колуна шыпыргы алып, аны ургулап жатканын көрүүгө болот. Бирок кыздын мындай аракети келемишти коркута алган эмес, ал ого бетер айланта кубалаган. Кызды мындай кырдаалдан окуянын күбөлөрү куткарып калган.

Басылманын маалыматына караганда, окуя Вьетнамдын түндүк тарабындагы Хайфоне шаарында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0