Чек арадан товар өткөрүп иштеген "Индия апа": араба түртүп бутума турдум

Жазылуу
54 жаштагы Калбүбү Исраилова кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл пунктунда жети жылдан бери товар өткөрүп иштейт. Ал жерде иштегендердин баары аны "Индия апа" деп аташып, сыйлап турушат.

Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: дем алыш күндөрү чек арада элдин саны көбөйүшү күтүлүүдө
Оор жүктөрдү арабага салып эркектерден, жаштардан кем калбай иштеген апага Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы барып, анын кызыктуу жумушу менен таанышып келди.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрүү пункту "Дордой" базарына жакын болгондуктан бул жакта жүктөр көп өтөт. Товар арбын, чек ара ачык болсо Калбүбү апага окшоп иштегендер жакшы эле акча таап алышат экен.

"Биз бул жакта көбүнчө соодагерлердин жүктөрүн алып өтүп беребиз. Ар бирибиздин кардарыбыз бар. Андан тышкары, кош бойлуу, балалуу жана жүгү оор адамдардыкын да жеткиребиз. Жүк оор болсо араба менен, жеңил болсо кол менен эле ташыйбыз. Мисалы, мен ар бир адамдын жүгүн алаарда "ичимдик, насвай же ушул сыяктуу туура эмес нерселер болсо өзүңөр алып өткүлө" деп айтам. Товардын көлөмүнө карап баасын бычабыз. Ошентип күнүнө эң аз 1000, жакшы болду дегенде 3 миң сомго чейин таап алам. Акыркы маалда чек арадагы абалдан улам биз да чоң-чоң жүктөр менен кезек күтүп жаттык", — деди ал.

Калбүбү Исраилова бул жакка 2011-жылы Ош облусунан келген. Жолдошу каза болуп, айыл жеринде жумуш жок болгондуктан төрт баласын багуу анын мойнуна артылган. "Өзүмдүн жумушумду жакшы көрөм" деген "Индия апаны" чек арачылар да жакшы таанышат экен.

Ыктыярчылар чек арадагы фура айдоочуларын өзөк жалгатып жатат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчылар чек арадагы фура айдоочуларын өзөк жалгатып жатат. Видео
"Кыргызстандын да, казактардын да чек арачылары менен жакшымын. Себеби айткандарынын баарын угуп, аткарам. Казак чек арачылары дагы "эженин жашы улгайып калыптыр, мейли, оокат кылып алсынчы" деп кезек күттүрбөй өткөрүп жиберет. Ошондой эле алар менин чынчылдыгымды, туура эмес товар алып өтпөсүмдү жакшы билишет", — деди "Индия апа".

Жети жылдан бери түнү-күнү иштеп мээнет кылган Калбүбү Исраилова ушул жумушунун арты менен бутуна туруп, үй салып, балдарын үйлөндүрүп, кыздарын күйөөгө берген. Бирок жаш курагы келип калса деле көнүп алган ишин азырынча таштап кетүүнү ойлобой эле туруптур. Тескерисинче "кыймылдап турганым өзүмө жакшы" деп жумуштан рахат аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0