Кыргызстандык эгиз бийчилер "Биле, Казакстан!" сынагынын жарым финалына чыкты

Жазылуу
Hustle Twinz бий тобу "Биле, Казакстан!" долбооруна ушул жылдын июль айынан бери катышууда. Ноябрь айында аларды жарым финал күтүп турат.

Кыргызстандык эгиздер Омар жана Эмир Асанбековдор Казакстанда өтүп жаткан "Биле, Казакстан!" теле шоусунун жарым финалына чыкты.

Атайдын Адем тобу Малайзияда азиялыктар менен таймашып финалга өттү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Атайдын "Адем" тобу Малайзияда азиялыктар менен таймашып финалга өттү. Видео
Кыргызстандыктардын бийи шоунун YouTube аккаунтуна жарыяланды.

Бийчилер бул долбоордун экинчи сезонуна июль айынан бери катышып келе жатышат. Эки жума мурда алар хип-хоп стилиндеги бийи менен калыстар тобунун мактоосуна арзышкан.

"Биле, Казакстан!" теледолбоору — эл аралык "So You Think You Can Dance" бий сынагынын аналогу. Финалда мыкты деген наам үчүн 10 бийчи ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0