Жеңишине кубанган дарбазачы кантип гол киргизип жибергенин көрбөй калды. Видео

Жазылуу
Каршылашы пенальти тепкенде топ дарбазанын үстүнө тийип артка кайткан. Дарбазачы кубанганынан сыртка чуркап чыгып кеткенде айланып келген топ кайра анын дарбазасына кирип кетти.

Таиланддын футбол боюнча чемпионатынын пенальти тебүү учурундагы күлкүлүү окуяны күйөрмандар видеого тартып алышкан.

Фанаты упали с трибун на матче Амьеном и Лиллем во Франции - Sputnik Кыргызстан
Францияда футбол беттеши учурунда күйөрмандар трибунадан жыгылды
Fox Sport телеканалы жазгандай беттеш Satri Angthong жана Bangkok Sports Club футбол клубдарынан ортосунда болгон. Оюн рефери пенальти тебүүнү жарыяландан кийин 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Bangkok Sports Club командасынын оюнчусу 11 метрден топ тепкенде дарбазанын үстүнө тийип артка кайткан, мундан улам Satri Angthong клубунун дарбазачы сүйүнүп оюн талаасына чуркап чыккан. Ал убакта топ кайра айланып келип дарбазага кирип кеткен. Жыйынтыгында гол эсептелинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0