Кайран "Нарын"! Чаң арасында калып... ресторан түрттүрүлө баштаган видео

Жазылуу
Бишкектин чок ортосундагы "Нарын" ресторанынын аймагына ээлик кылган жаңы кожоюндары имаратты түрттүрүп баштады.

Бишкек шаардык мэриясы былтыр, 25-октябрда "Нарын" архитектуралык эстелик катары макамын жоготкондугу боюнча токтом чыгарган.

Снос ресторана Нарын в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: кетти, бир тарых... "Нарын" рестораны түрттүрүлүп жатат
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги расмий катында аталган имаратты түрттүрүү ыктымалдыгын моюндаган эле. Учурда аталган жер аянтына De He Co LTD жана "Нарын" ишканалары ээлик кылат.

"Бишкек башкы архитектура" ишканасы анын ордуна "Хуалинь" деп аталган 20 кабат мейманкана курулаарын билдирген.

"Нарын" кезегинде, тагыраагы 1980-жылдары абдан белгилүү ресторандардын бири болгон. Ал эми акыркы 10 жылдан бери дээрлик, кароосуз калган.

Буга чейин Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери Фрунзе-Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги кароосуз калган имаратты өткөн согуштун элесин чагылдырган жана эмгектин мыктыларын даңктаган музейге айлантууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0