Малайзиялык бакшы тазаланам деп казанда күйүп өлдү. Видео

Жазылуу
Лим Ба 10 жылдан бери өзүнүн каадасын жасап келген. Ал казанда 75 мүнөткө чейин отура берчү.

Малайзияда храмда өзүн бакшы деп эсептеген улгайган адам каадасын жасайм деп казанда күйүп каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Mirror агенттигине таянып кабарлады.

Крокодил утащил под воду шамана, искавшего человека - Sputnik Кыргызстан
Жоголгон кишини издейм деп дарыяга кирген бакшыны крокодил сүйрөп кетти
Кара ит деген каймана аты бар Лим Ба "жан тазалоо үчүн" астында от күйүп жаткан темир казанга түшкөн. Ал түшкөндөн 30 мүнөт өтүп калганда иш-чаранын катышуучулары 68 жаштагы шамандын кыйкырып, чыгууга аракет кылып жатканын байкап калышкан. Храмдын кызматкерлери аны дароо алып чыгып, бирок өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Катуу күйүп калган бакшы дарыгерлер келгичекти ошол жерден эле жан берген.

Белгилүү болгондой Лим Ба 10 жылдан бери өзүнүн жөрөлгөлөрүн жасап, казанда 75 мүнөткө чейин отура берчү. Акыркы учурда ал гипертония дарты менен жабыркап жүргөндүктөн, дарыгерлер анын мындай иштерге баруусуна тыюу салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0