Бычакталып каза болгон милиционерге кол салган учур видеого түшүп калган

Жазылуу
26-октябрга караган түнү Бишкектин чок ортосунан киши колдуу болгон милиционердин сөөгү табылган

Кылмышкердин колунан каза болгон милиция кызматкери 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков Биринчи Май райондук милициясынын криминалдык кызматында иштегенин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

"Окуя болордун мурунку күнү Уларбек өзүнүн өндүрүшүндөгү иштерди жана табелдик куралын тапшырып, үйлөнөрүн айтып эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн рапорт жазган. Иштен чыгып кесиптештерин Бишкектин ичиндеги бир жерге алып баруусун суранып, ал жакта калган. Бир нече убакыттан кийин ал бычакталып каза болгону белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0