(0:59 / 8.33Mb / )

Бир жылдык азадан кийин Таиланд королунун сөөгүнүн күлү атайын жайга коюлду. Видео

76
(жаңыланган 11:33 27.10.2017)
Таиланддын маркум королу Пхумипхон Адулъядеттин (Рама IX) сөөгү жума күнү эртең менен атайын жайга коюлду.

Королдун сөөгүнүн күлүн жерге берүү жөрөлгөсү беш күнгө созулат, учурда үчүнчү күнү өтүп жатат.

Маркумдун сөөгүнүн күлү жергиликтүү жөрөлгөгө ылайык, атайын алты урнага салынган.

Король 2016-жылы 88 жашында каза болгон. Ал бийликте турган маалда элдин сүйүүсүнө жана сыйына ээ болгон. 12 миллионго жакын киши бир жыл бою аны менен коштошкон.

76
Белгилер:
тажия, король, Таиланд
Тема боюнча
Таиландда аскага чыгып сүрөткө түшүп жаткан турист аялды толкун алып кетти
Таиланддын мураскер ханзаадасы 1-декабрда такка отурат

Макгрегор нокаут болгондо. UFC мелдешинин бүйүр кызыткан видеолору

207
(жаңыланган 13:01 25.01.2021)
Кечээ Абу-Дабиде UFC 257 мелдеши жыйынтыкталды. Ал промоушендин 2021-жылдагы алгачкы чоң окуяларынан болду.

Бир учурда эки дивизиондун чемпиону болгон Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин реванш беттеши мелдештин эң башкы кармашы болду. Жеңил салмакта Майкл Ченлер менен Дэн Хукердин кармашы да көрүүчүлөргө өзүнчө кызык тартуулады.

Порье беттештин экинчи раундунда атаандашы Макгрегорду нокаутка сулатып, мөөнөтүнөн мурда утту. Бул ирландиялык мушкердин ММА спортундагы карьерасында биринчи бүк түшүүсү болду. 

Турнирде Bellator уюмунун экс-чемпиону Майкл Чендлердин бет ачар таймашы ийгиликтүү аяктады. Ал экинчи башкы беттеш деп саналган кармашта Дэн Хукерди биринчи эле раундда нокаутка кетирип утуп алды.

Мелдеште кошуна Казакстан, Өзбекстандын мушкерлери да күч сынашты. Өзбекстандык Махмуд Мурадов америкалык Эндрю Санчез менен кез келип, үчүнчү раундда нокаутка түшүрдү. Мындай ийгилиги үчүн ал промоушенден 50 миң долларлык бонуска ээ болду. Казакстандык Жалгас Жумагулов ирактык Амир Альбази менен үч раунд кармашкан. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш ирактык спортчуга ыйгарылды.

Россиялык мушкер Арман Царукян америкалык Мэтт Фревол менен таймашып, калыстардын бир добуштан берген чечими менен утуп алды.

Баштапкы карддын алкагында октагонго дагы бир россиялык атлет Мовсар Евлоев чыгып, америкалык Ник Ленц менен кармашты. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.

207
Белгилер:
нокаут, Конор Макгрегор, мелдеш, UFC, Абу-Даби
Тема боюнча
UFC уюмунда өзбекстандык мушкер кубаттуу муштуму менен атаандашын "бийлетти". Видео
UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео

Кудум мышыктай! Май үчүн бактын чокусуна чыккан түлкүнүн видеосу

267
My-Mriya Crimea Wildlife YouTube каналында чочконун майына (сала) жетиш үчүн ийилген жука бутактардын башына чыккан куу түлкүнүн видеосу жарыяланды.

"National Geographic Россия" басылмасы жазгандай, окуя Крымда болгон. Анда фотограф, блогерлердин үй-бүлөсү короосундагы бакка чымчыктар үчүн чочконун майынан бир тилим илип коюшкан. Бирок тамакты чымчыктарга "аш" кылбай түлкү жеп кеткен. Блогерлердин айтымында, мындай учур биринчи ирет кайталанбагандыктан, алар атайын камера коюп, түлкүнүн майды алып кеткен учурун видеого түшүрүп калышкан.

Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.

267
Белгилер:
видео, май, тамак, түлкү, Крым
Тема боюнча
Аппак коён кар кишинин мурдуна коюлган сабизди жеп кетти. Элжиреткен видео
Орто-Сай базарындагы жайма базар. Архив

Күчүм жетпей жатат! Түлөбаев жайма базар боюнча УКМКга кайрылганын айтты

0
(жаңыланган 00:06 26.01.2021)
Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин соцтармакта сатуучунун мэрия кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.

Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.

Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.

0
Белгилер:
жайма базар, мэр, Балбак Түлөбаев, УКМК, Бишкек
Тема боюнча
Садыр Жапаров мэр Балбак Түлөбаевге эки тапшырма берди