Бир секундда 10 метр. Шамалдай учкан футболчу соцтармакты таң калтырууда

Жазылуу
Теренс Пухири 21 жашта, боюнун узундугу 157 сантиметр

Вратарь побежал праздновать победу, а мяч угодил в ворота — видео - Sputnik Кыргызстан
Жеңишине кубанган дарбазачы кантип гол киргизип жибергенин көрбөй калды. Видео
Индонезиянын "Борнео" футбол клубунун жарым коргоочусу Теренс Пухири "Митра Кулар" командасы менен болгон улуттук биринчиликте шамалдай чуркап коомчулукту таң калтырды. Бул туурасында британиялык The Guardian басылмасы жазды.

Футболчу зымылдаган бойдон топ тээп атаандашынын дарбазасына бир заматта жете түшкөн. Ал 60 метрдей аралыкка алты секундда жетип барып гол киргизген. Аталган басылма жана соцтармактын колдонуучулары аны дүйнөдөгү эң ылдам футболчу титулуна талапкер катары көрсөтүшкөн.

Теренс Пухири 21 жашта, боюнун узундугу 157 сантиметр.

Жаңылыктар түрмөгү
0