Керемет! АКШлык режиссер Кыргызстандан тарткан дагы бир ролигин жарыялады

Жазылуу
Буга чейин режиссер Кыргызстандын кооздугу, элдин каада-салты жана майрамдары жөнүндө тасма тартып, Solo in Kyrgyzstan ("Кыргызстанды жалгыз кыдыруу") деген аталыштагы видеосун жарыялаган.

Волшебно! Кинематографист из США снял живописный ролик о Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бах, чиркин, бар экен го! АКШлык кинематографист Кыргызстан тууралуу ролик тартты
Америкалык кинематографист жана Tenacity in Pursuit туристтик блогунун автору Дэвид Кац Кыргызстан тууралуу дагы бир видеоролигин жарыялады.

Буга чейин режиссер Кыргызстандын кооздугу, элдин каада-салты жана майрамдары жөнүндө тасма тартып, Solo in Kyrgyzstan ("Кыргызстанды жалгыз кыдыруу") деген аталыштагы видеосун жарыялаган. Бул ирет ал Timelapse форматында тартылган эмгегин сунуштады. Анда сүрөттөр менен кыска тартылган кадрлар ырааты менен кошулуп видео жаралат.

Дэвид Кац Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына берген маегинде өлкөнү былтыр август-сентябрь айында кыдырганын жана Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюндарына катышуу бакыты буюрганын айткан.

"Мен өлкөңөрдү жалгыз кыдырып чыктым. Көп убактымды силердин ажайып жаратылышыңар менен таанышууга жана видеого тартууга аракет кылдым. Бирок мага дагы убакыт жетпей калды. Кыргызстанга кийинки жылы да келүүнү пландап жатам", — деди америкалык режиссер.

Ошондой эле бул видео анын 4K-Timelapse форматында тартылган биринчи тасмасы болгонун кошумчалады. Эки мүнөттүк роликте Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл, ошондой эле мөңгүлөр менен ажайып жайлар камтылган.

Дэвид Кац — кинорежиссер, фотограф. Дүйнөнүн булуң-бурчунда даректүү тасмаларды тартууга адистешкен. Ал өзүнүн тарткан эмгектерин Tenacity in Pursuit аттуу туристтик блогго жайгаштырып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0