Тарых музейинин реконструкциядан кийинки көрүнүшү. 3D-видео

Жазылуу
Мамлекеттик тарых музейи реконструкциядан кийин заманбап фонд сактоочу жайга, өзүнүн реставрациялоочу жана көркөм өнөрканаларына ээ болуп, заманбап музейлик жабдуулар менен камсыздалат.

Музейдин 3D форматында жасалган реконструкциядан кийинки көрүнүшүнүн видеосу YouTube каналына жайгаштырылды. Роликти 14-октябрда президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн оператору Улан Сатиев жүктөгөн.

Ала-Тоо аянтындагы тарых музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейинен 503 экспонат жоголгон, анын 29у — баалуу металл
Ушул күнү президент Алмазбек Атамбаев музейге барып оңдоо иштери менен таанышкан. Ал учурда жылытуучу, жарык берүүчү, суу менен камсыздоочу системаларды капиталдык ремонттон өткөрүү иштери аяктаган. Ошондой эле имараттын чатыры толугу менен жаңыртылган. Гидроизоляция, жылуулук изоляция жана жылытуу системалары орнотулган.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорун Түркиянын ТИКА уюму каржылап жатат. Бул иштерге 270 миллион сом сарпталары айтылган. Оңдоо иштери 2016-жылдын 25-мартында башталып, ушул жылы сентябрь айында аяктай турганы маалымдалган. Бирок учурда реконструкция толугу менен бүтө элек.

Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы негизделип, имарат 1984-жылы салынган. Бул жерге 135 миң экспонат коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0