(2:19 / 118.20Mb / )

"Ты супер! Танцы": кыргызстандык кыздын сахнага чыгаар алдындагы толкундануусу

240
(жаңыланган 01:53 29.10.2017)
Sputnik агенттигинин кабарчысы Анна Наделько Кыргызстандын атынан "Ты супер! Танцы" шоусуна катышып жаткан Айдана Шатемирова менен сахнага чыгардын алдында баарлашты.

Телекөрсөтүү ишемби күнү, 28-октябрда, Москва убактысы боюнча саат 20.00дө (23.00 бшк) НТВ телеканалында башталат. Sputnik Кыргызстан агенттиги аны түз алып көрсөтөт.

Ал эми Кыргызстандын телеканалдары ар кайсы убакытта тартуулайт. Саат 21.00дө "Континент" спутниги аркылуу НТВ каналынан, 22.00дө "Ала-ТВ" жана "Акнет" компаниялары трансляциялаган НТС-НТВ каналы аркылуу көрсөтүлөт.

240
Белгилер:
бий, "Ты – супер" балдар долбоору, Айдана Шатемирова
Тема боюнча
Кыргызстандык бийчи кыз “Ты супер! Танцы” сынагында калыстардын купулуна толду

Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео

31
(жаңыланган 16:21 23.01.2021)
"Спутник V" вакцинасы Венгрияга жеткириле баштайт. Бул тууралуу Россия менен түзүлгөн келишим боюнча эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери маалымат берди.

Сергей Лавров жана Питер Сийярто Будапешт 2 миллион дозада препарат ала турганын билдиришти. Венгрия россиялык вакцинаны өз аймагында колдонууга уруксат берген Евробиримдиктин алгачкы өлкөсү болуп жатат. Бул акыркы өлкө болбошу мүмкүн.

Коронавирус боюнча кырдаал Европада оор бойдон калууда. Ал жакта кызыл зона режими киргизилүүдө.

31
Белгилер:
Евробиримдик, вакцина, Венгрия, Россия, Спутник V
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Венгрия Европа өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы болуп "Спутник V" вакцинасын каттады
"Спутник V" вакцинасы 2-8 градус жылуулукта сактала тургандай жасалды
Кыргызстан Россиядан 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын сурады

Эртең кармашат! UFC Макгрегордун укмуштуу нокауттарын бир видеого сыйдырды

168
UFC уюму эки башка салмак категориясындагы экс-чемпион, ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегордун октагондогу эң мыкты нокауттарын топтоду.

Макгрегор UFC уюмунда 2013-жылдан тарта күч сынаша баштаган. Алгачкы беттешинде эле америкалык Маркус Бримеджди нокаутка кетирген. Конор акыркы ирет АКШлык Дональд Серроне менен кармашып, аны да сулата чапкан.

Белгилей кетсек, Макгрегордун уюмдагы 22 жеңишинин 19у нокаут менен аяктаган. Конорду башка мушкерлер төрт жолу уткан, бирок бирөөсү да нокаут менен жеңишин майрамдаган эмес.

Видеодо 2014-жылы Дастин Порьенин нокаутка кеткен видеосу бар. Эртең, 24-январда, мушкерлер кайрадан октагондо кезиккени турат.

Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайындагы турнир Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дөн өтүп башталат.

168
Белгилер:
видео, нокаут, беттешүү, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
UFC Макгрегор менен Порьенин беттешине карата проморолик жарыялады
Жыргап күлүп, кучакташып... Макгрегор менен Порьенин көз караштар таймашы
Карды тартып аткан адамдар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

0
24-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.

Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди