Хантураев 20 секундада чемпион аталды! Бишкектеги кан кызыткан WEF турнири

Жазылуу
Өзбекстандык Мурод Хантураев турнирге бир жыл мурда WEF уюмунда ээ болгон чемпиондук курун коргоо үчүн чыккан

Борбордогу спорттук ареналардын биринде өткөн эл аралык WEF-42 Proffight-16 турнирине Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы күбө болуп кайтты.

WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
Эрежесиз урушка 44 спортчу катышып, 5 өзбекстандык, 17 кыргызстандык ийгиликке жетишкен. Ал эми Украинадан бери жол арытып келген эки спортчу жеңилүү ызасын тарткан.

Кеченин башкы беттеши "Азия аюсу" каймана аты менен белгилүү болгон өзбекстандык Мурод Хантураев менен украиналык Игорь Зарнадскийдин ортосунда болду. Хантураев атаандашын 1-раунддун 20-секундасында техникалык нокаут менен жеңгенин уюштуруучулар тастыктады.

Күн мурун WEF федерациясынын жетекчиси Руслан Кыдырмышев Хантураев бир жыл мурда ээ болгон чемпиондук наамын коргоо үчүн беттешке чыгып жаткандыгын билдирген.

"Хантураевдин октагондо иштөө техникасы ыкчам жана бат. Ал бул жолу да атаандашын бир мүнөткө жеткирбей утуп алды. Зарнадский дагы оңой мушкерлерден эмес болчу, бирок беттеш узакка созулган жок. Жалпысынан турнирде күчтүү спортчулардын башы биригип, көрөрмандарга өзгөчө маанай тартуулашты", — деди Кыдырмышев.

Чемпиондук курду баса тагынып, күйөрмандарынын кучагына бөлөнгөн Мурод Хантураевди Sputnik агенттигинин кабарчысы сөзгө тартты.

"Албетте, бул жеңишти күткөм, даярдыгым мыкты болчу. Ийгилигимди элиме жана мекениме арнайм. Күйөрмандардын колдоосуна ыраазымын" — деди мушкер.

Көп убакыттан бери спорт сүйүүчүлөрү Хантураев менен кыргызстандык "Ак аюу" каймана аты менен таанымал Мыктыбек Мамасалиевдин беттешин күтүп келишет. Бирок мушкерлер сегиз бурчтукта жолугуудан баш тартышкан. Буга Хантураев "биз доспуз, достор кантип урушмак эле" деп жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0