Жеңишбек акын Назарбаевге кайрылды: өзгөчө катуу кетпеңиз, өзөккө ууну сеппеңиз

Жазылуу
КРдин Эмгек сиңирген акыны, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге ыр менен кайрылуу жасады.

Төкмө ал тургай хадисте да кербендин жолу тосулбайт деп айтыларын эске салды. Ал кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Амандык тилеп баштайын,
Амансызбы Нур агам.
Мен кадимки кыргыз жигити,
Кайрылып сизди сураган…
… Сиз казаксыз мен кыргыз,
Таттуусун көрүп турмуштун,
Ачуусуна чыдаган, — деген саптар менен баштаган.

Жеңишбек акын Назарбаевге "Эл басы", "Нур агам", "султан" деп кайрылып, аны даражасын санап келип, кыргыз-казактын окшош, бир тууган экендигин айтып, чек ара маселесин жөнгө салууну сураган. Эки элдин тарыхындагы бир туугандан артык болгон Мухтар Шаханов менен Чыңгыз Айтматовдун достугун эске салып, окшош таланттар Токтогул менен Жамбылды кошуп ырдаган.

Кыргыздар күйсө, күйөсүз.
Кыргыздарды сүйөсүз,
Кыргыздар күлсө күлөсүз.
Биздин президент кичине "таттуураак" сүйлөп коюптур,
таарынгансып жүрөсүз.
Бирок Казакстандын жеринде
Ырыскы тапкан кыргыздын, эч бирөөсү күнөөсүз.
Хадистерде айтылат,
Кербендин жолу тосулбайт,
Муну менден да жакшы билесиз… — деген акын.

Жеңишбек Жумакадыр казак президентине катуу кетпеңиз деген таризде кайрылып, ачка калса, асырап алган тарыхты эске салып коюну эп көргөн.

Калың эл турат, кыйналып,
Айкөлдүк кылып Нур ага,
чек араңызды ачыңыз.
… Өзөндө суубуз бир эле,
Өзгөчө катуу кетпеңиз,
Өзөккө ууну сеппеңиз,
Ач калса багып алышкан,
Айрыкча, кыргыз даанышман,
Ошол тарыхты эстеңиз, — деп ырдаган.

Назарбаевди кеменгер деп атап, ага мындай иш кылуу жарашпастыгын айтып келип, тиреше берсек, айтыла турган нерсе көптүгүн эскерткен.

… Жумурткадан кыр издеп,
алыстай берсек акырын
Анда айтыла турган нерсе көп…
Чек араны буюрса,
тез арада Нур ага,
Чечесиз го деп ишенем, — деп аяктаган кайрылуусун.

ӨКМ чек арада кезек күткөн 750 айдоочуга тамак-аш таратты. Видео - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ чек арада кезек күткөн 750 айдоочуга тамак-аш таратты. Видео
Белгилей кетсек, эки мамлекеттин чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрдан тарта жаралган. Расмий Астана бул карантиндик продукциялардын импорттолушуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн. 18-октябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков Казакстанга барып жүргүнчүлөр автобустарын, жеңил автокөлүк менен жүк ташуучу унааларды кое берүү боюнча макулдашкан. Андан кийин деле абал олуттуу түрдө өзгөргөн эмес. Кийин бул маселе Ереванда өткөн ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынында каралып, анда казак премьери Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын өкмөтүн бажы башкаруусу алсыз болуп жатат деп айыптап, окуя башкача өңүт алган. Буга кыргыз өкмөтү жооп берген. Эки өкмөттүн ортосунда тирешүү уланып, аталган мамлекеттердин ортосундагы чек арада жүк ташуучу миңдеген автоунаалар Казакстанга киргизилбей турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0