Балдар Атамбаев менен Назарбаевдин элдешүүсүн өтүнөт. Троллейбустагы флешмоб

Жазылуу
Кадимки эле күндөрдүн бири. Сыртта күн чайыттай ачык. Бишкектин тургундары өз жумушу менен троллейбустта бара жатышат. Капысынан эле ичинде отурган балдар музыкалык аспабын алып чыгып казакча күү чертип киришти.

Комузга салынган Калинка менен Лезгинка, шартылдаган Маш ботой - Sputnik Кыргызстан
Комузга салынган "Калинка" менен "Лезгинка", сайраган "Таң булбулу"
Бүгүн, 1-ноябрда, борбор калаадагы №4 троллейбустун жүргүнчүлөрү жандуу музыка угуп ырахат алышты. Анткени бул күнү жаш өнөрпоздор казак элине кеңири тараган "Ата толгауы" күүсүн улуттук аспаптарда чертип элдин көңүлүн көтөрдү. Бул флешмоб Кыргызстан менен Казакстанды ынтымакка чакырды.

Башында жүргүнчүлөр радиодон жаңырып жатабы деп түшүнө албай элеңдеп калды. Анан артка бурулуп жандуу аткарылып жатканын көрүп, айрымдары ордунан тура калып тыңдаса, башкалары суктана карап телефонуна тартып жатты. Ал эми аягында катуу кол чаап ыраазычылык айтышты.

Музыканттардын мугалими Толгонай Осмонованын айтымында, балдар казак элинин күүсүн жөн жерден тандап алышкан эмес. Муну менен алар кыргыз-казак канатташ эл экенин айгенелеп, саясатчыларды элдештирүүнү максат кылышкан.

"Саясий кырдаал эки элдин ортосунда ажырым жаратпашы керек. Кыргыз-казак эли жылуу мамиледе болуп келген. Маданият кызматкерлери дайыма бири-бирибизди чакырып, сынактарды өткөрүп тыгыз байланыштабыз. Биз муну менен эки элди ынтымакка чакырып каада-салты, маданияты бир эл экенин көрсөткүбүз келди. Флешмобду "Тынчтык" акциясы деп да атасак болот", — деди Осмонова.

Флешмобго Жумамүдүн Шералиев атындагы №6 балдар искусство мектебинде окуган "Ибарат" фольклордук ансамбли катышып, комуз, добулбас, чопо чоор жана сыбызгы аркылуу өнөрүн тартуулашты.

 

  • Айдай Калмаматова — комуз;
  • Айдин Кылычбеков — добулбас;
  • Бакдөөлөт Жакыпов — сыбызгы;
  • Илим Курбанбаев — чопо чоор;
  • Камчыбек уулу Барсбек — комуз;
  • Сезим Нурмамбетова — ооз комуз;
  • Туратбек уулу Бакай — комуз;
  • Ырыскүл Раимбекова — сыбызгы.

 

"Ата-Толгауы" күүсүнүн автору казакстандын белгилүү компазитор Нургис Тлендиев. Ал 1984-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. Ошондой эле ар түрдүү жанрда 500дөн ашуун чыгарма жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0