Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү. Видео

Жазылуу
Түйүлдүктүн өрчүшүндөгү кемчиликтерди дарыгерлер 8 ай болгондо гана УЗИ аркылуу аныкташкан

Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү
Индиянын Амбайогай штатында сейрек кездешүүчү парапаги эгиздери же эки баштуу ымыркай жарыкка келгенин Indian Express басылмасына таянып РИА Новости жазып чыкты. 

Дарыгерлердин изилдөөсүнөн кийин 3,7 килограмм салмактагы эгиздердин өпкөсү менен жүрөгү ар башка болгону менен боору жана калган органдары бир экени аныкталган. Төрөлөөрү менен дем алуудан кыйналган балдар дароо аппаратка туташтырылган, бирок жашап кете алышкан эмес. Наристелер туура бир суткадан кийин чарчап калышты.

"Бул өтө олуттуу жана сейрек кездешүүчү абал. Сиам эгиздеринин 10 пайызында гана кездешет", — деди Свами Рамананд Теерт госпиталынын гинекология бөлүмүнүн башчысы Санжай Бэнсод.

Түйүлдүктүн өрчүшүндөгү кемчиликтерди дарыгерлер 8 ай болгондо гана УЗИ аркылуу аныкташкан. Балдардын энеси аягына чейин көтөрүп, 36 жума болгондо операция жолу менен көз жарган. Учурда аялдын абалы жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0