Кытайда дырдай жылаңач кишинин уурулук кылып жүргөнү видеого түшүп калган

© AFP / FILIPPO MONTEFORTEМитинг в поддержку мигрантов в центре Рима
Митинг в поддержку мигрантов в центре Рима - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ууру кылмышын жашыруу үчүн ушундай кадамга барган

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кытайда полиция кызматкери жылаңачтанып алып уурулук кылып жүргөн кишини кармады. Бул тууралуу Shanghaiist басылмасы жазды. 

Окуя Гуандун провинциясынын Дунгуань шаарында болгон. Жылаңач ууру бир нече ирет видео байкоого түшүп калган. Тергөө учурунда ал ушундай жол менен тогуз жолу уурулук жасаганын мойнуна алган. Келтирилген чыгымдардын жалпы баасы 36,4 миң юанды (болжол менен 378 миң сом) түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0