Өлүп кеткир көк түтүн! Чыныбай Турсунбековдун парламентте ыр окуган видеосу

Жазылуу
Жогорку кеңештин мурдагы төрагасы, учурдагы депутат Чыныбай Турсунбеков бүгүн парламентте "Атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык экспертизалар боюнча" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып жатканда түтүн тууралуу ыр окуду.

Эл өкүлү абанын булганып жатканы шаардагыларга байкалбаганы менен панорамага чыкканда даана көрүнө турганын айтып, жыйындагыларга өзү жазган ырды окуп берген.

"Өх-өхх түтүн, өх түтүн…
Өлүп кеткир көк түтүн!
Өрдөк мурун жүлүндү өпкөбүзгө өч бүтүн.
Күнү каптайт калааны, түнү каптайт калааны.
Түйшүк кылып алдык биз түтүн деген балааны", — деген ыр саптары камтылган.

Андан кийин соңку учурларда элдин дем алуу органдарынын баары тең ооруп жатканын дарыгерлер кулак кагыш кылууда деп белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0