Төбө чачты тик тургузат! Башы 180 градуска бурулган пакистандык бала

Жазылуу
Самир атасы ооруп калгандан кийин окуудан чыгып, акча табуу максатында Dangerous Boys деп аталган бий тобуна кошулуп алган

Пакистандын Карачи шаарында жашаган Мухаммед Самир башын колунун жардамы менен 180 градуска бура аларын Daily Pakistan басылмасына таянып, РИА Новости жазды.

14 жаштагы баланын айтымында, мындай өнөр анын тубаса жөндөмү эмес.

"Алты жашымда Голливуддун тасмасынан башын ушинтип бурган каарманды көргөм. Ошондон тарта бир топ машыгып жүрүп, бир нече айдан кийин башым биринчи жолу 180 градуска бурулган. Алгач апам бул өнөрүмө каршы чыгып жүрүп, кийин бул жараткандан берилген белек экенине ынанды", — деп айткан өспүрүм.

Самир атасы ооруп калгандан кийин окуудан чыгып, акча табуу максатында Dangerous Boys деп аталган бий тобуна кошулуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0