"Сөөктөрүн сындыра" бийлеген "Тумар КР" тобунан жаңы шоу

(жаңыланган 17:04 09.11.2017)
"Тумар КР" бий тобу кезектеги номерин Facebook баракчасына жайгаштырды

Жарыялаган жаңы видеого алар "Bonebreak" деп жазышкан.

Бийди көрүп жатып чынында эле алар сөөктөрүн сындыра бийлеп жаткандай туюлат.

"Тумар КР" буга чейин да өз бийлери менен дүйнө элин таң калдырып келет. Алардын Mutants of Dance бийин People Are Awesome порталы өзүнүн Facebook баракчасына жайгаштырган. 

Белгилер:
бий, "Тумар КР" тобу, Кыргызстан
Тема боюнча
Интернетти багындырган кыргыз бийчилеринин бийин бир жарым күндө 6 млн. адам көрдү
Сакадай бою сары алтын Атай Өмүрзаков 27 жашта! Бийчи тууралуу 10 факты

Талаа бетин бербей жайнап. Миллиондогон гүлдөрдүн суктанткан видеосу

Жоогазындар, кыпкызыл гвоздикалар, назик нарцисстер жана башка гүлдөрдүн Нидерланддарда жер бетин бербей өскөн учуру өзгөчө керемет.

Интернетте Кекенхоф паркында сансыз гүлдөрдүн асмандан тартылган видеосу тарады. Бул кереметтүү жерди "Европанын бакчасы" деп да аташат. Аталган жайдан нарцисс, орхидея, ирис, гвоздика, анан, албетте, жоогазынды көрүүгө болот.

Бул гүл аталган өлкө үчүн өзгөчө орунда турат. Себеби жоогазын Нидерланддардын гүл каптаган символу катары кабыл алынат.

Эбегейсиз зор талаада ондогон гектарда эрте ачылган гүлдөр көргөн адамга болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулайт. Өтө бийиктен көз салганда кызыл, көк, сары түстөгү суу төгүлгөн жердей көрүнгөнү менен улам жапыздаган сайын алардын гүл экени көзгө даана урунат. Ал эми Нидерланддардагы жомоктогудай керемет жайдагы жыпар жытты элестетип көрүңүз.

Табигаттын бул сулуулугуна суктануу апрелдин ортосунан май айына чейин уланат.

Белгилер:
видео, талаа, гүл, Нидерланд
Тема боюнча
Толкун менен жарышып сёрфинг тепкен спортчулардын бүйүр кызыткан видеосу

Намыска жарап... Шевченконун UFC уюмундагы титулдук беттештери. Видео

Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) кыргызстандык Валентина Шевченконун чемпиондук кур үчүн кармашкан бардык беттештерин топтоду.

Видео UFC Russia YouTube-каналына жүктөлдү.

Валентина Шевченко беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. Муну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болгон.

2019-жылы 8-июнда АКШнын Чикаго шаарында өткөн UFC 238 мелдешинде америкалык Жессика Айды башка тээп утуп, наамын алгач ирет коргогон

Ошол эле жылы америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен жеңген. Ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен утса, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны упайдын эсебинде жеңди.

Ушул дем алышта Шевченко бешинчи ирет титулун коргомокчу. Аны менен минималдык салмак категориясынын мурдагы чемпиону Жессика Андраде беттешет.

Белгилер:
чемпион, мушкер, спорт, UFC, Валентина Шевченко, Кыргызстан
Тема боюнча
Дана Уайт: Шевченко удаасы менен эки супер беттеш өткөрүшү мүмкүн
Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченконун алсыз жактарын атады
UFC Шевченко менен Андраденин беттешине карата проморолик жарыялады
Кадыр түн учурунда мусулмандар. Архив

Кадыр түн качан болору айтылды

(жаңыланган 16:56 22.04.2021)
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат. 

Белгилер:
муфтият, орозо, Кадыр түн, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Касиеттүү түн интернет менен өтпөшү керек! Кадыр түнгө карата 7 "болбойт"