Сокулукта үстүнө бетон түшүп кеткен үй. Кырсыктан кийинки видео

Жазылуу
Новопавловка айылында чоң апанын туулган күнүн белгилеп жаткан үйдүн үстүнө кулап кеткен бетон плитасы 25 жаштагы келиндин өмүрүн кыйды

Плита түшүп кеткен үйдө 78 жашка чыккан чоң апасынын туулган күнүн белгилөө үчүн мейман күтүлүп жаткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине үй ээсинин тууганы Данияр Амантаев айтып берди.

Эске салсак, ишемби күнү 18.55те Новопавловка айылындагы үйдүн үстүнө бетон плитасы түшүп кетип, бир нече адам жабыркап, бир келин каза болгон.

"Дасторконго жаңы эле отурган 78 жаштагы апабыз, 22 жаштагы келинибиз, 23 жаштагы кызыбыз жана менин эжем катуу жаракат алышты. Учурда баары тең ооруканада. 25 жаштагы келинибиз көз жумду. Иним экөө үйлөнгөнүнө аз эле убакыт болгон, балалуу боло элек болчу", — деди Амантаев.

Анын айтымында, жабыркаган үй-бүлө милицияга арыз жазды.

Ошондой эле мурда кабарлангандай крандын троссу үзүлбөй эле, техника көтөрүп бара жаткан бетон сынып кеткени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0