"Темир адам" суу үстүнөн учуп дүйнөлүк рекорд жаратты. Видео

170
Британиялык инженер "Темир адамдын" костюму менен көлмөнүн үстүнөн жүз мерт аралыкты учуп өттү

Реактивдүү костюмду жасаган Ричард Браунинг саатына 51,53 чакырым учуп, дүйнөлүк рекорд жаратканын Гиннес рекордунун сайтында айтылды.

Костюмга экзоскелет жана колу менен далысында газ толтурулган реактивдүү кыймылдаткычтар ортотулган.

Браунингдин өзүнүн айтымында, кубаттуулугу 1050 аттын күчүндөй болгон костюмду башкаруу татаал деле эмес. Бул велосипед тепкенге эле барабар экени айтылды.

170
Белгилер:
костюм, рекорд
Тема боюнча
Бир секундда 10 метр. Шамалдай учкан футболчу соцтармакты таң калтырууда

Россия Казакстандагы полигондо кезектеги ракетасын сынады. Видео

7
Россиянын Коргоо министрлиги чабуулга каршы системасына кирген кезектеги жаңы ракетасын сынады. Видео ведомствонун YouTube-каналына жарыяланган.

Иш-чара Казакстандын Сары-Шаган полигонунда болуп өттү.

"Ракета бардык мүнөздөмөлөрүнө жооп берип, мыктылыгын көрсөттү. Ал шарттуу бутага таамай тийди", — деди Аба-космостук коргонуу күчтөрүнүн Чабуулга каршы коргонуу бирикмесинин командири Сергей Грабчук.

Бул система аба-космостук чабуулдардан коргонууга багытталганы белгиленди.

7
Белгилер:
Россия, Казакстан, ракета, сыноо
Тема боюнча
Х-95 гиперүндүү ракетасы: россиялык жаңы табылганын мүнөздөмөлөрү

Алия Шагиеванын атасына арнаган эмгектери. Аянттагы акциянын видеосу

170
"Ала-Тоо" аянтында "Ветер перемен" аталышындагы акция өттү. Аны мурдагы президенттин кызы Алия Шагиева уюштурду.

Акция саясий репрессияга каршы багытталып, Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдыгына арналды. Шагиева көргөзмөгө бир нече картиналарын жана тематикалык инсталляцияларды алып чыкты. Жасаган эмгектерин Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.

Иш-чарага Атамбаевдин үй-бүлөсү жана үзөңгүлөштөрү катышты.

Атамбаев эки жылдан бери абакта отурат. Ден соолугу начарлаганына байланыштуу учурда №47 колонияда кармалууда.

170
Белгилер:
Алия Шагиева, акция, көргөзмө, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Алия Шагиева атасы Алмаз Атамбаевге арнап аянтта акция уюштурду. Сүрөт
Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолукту
Поезд. Архив

Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты

0
(жаңыланган 18:55 18.09.2021)
Жигит поезддин берген сигналына маани бербегени айтылды. Машинист поездди токтоткону менен жаран ага урунуп көз жумган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте жүк ташуучу поездге урунуп жаш жигит каза болгонун "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматта кырсык саат 10.12лер чамасында Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды.

"Алдын ала маалымат боюнча, темир жол менен бараткан Р. уулу Э. сигналга маани бербей койгон. Машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Маркумдун 21 жашта экени белгилүү болду.

0
Белгилер:
поезд, темир жол, машинист, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео