Өзү калып, өзөгү жоголгон "Кристалл" заводу экологиялык бүлгүн салбайбы

Жазылуу
Урайын деп калган ишкананын кампасында 80 тоннадай уулуу трихлорсилан заты сакталып турат

Кызыл-Кыя шаарына 79 жыл толду. Өнөр жай калаасынын сейрек сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыя шаарына 79 жыл толду. Өнөр жай калаасынын сейрек сүрөттөрү
КМШ мамлекеттеринин бардыгын жарым өткөрүүчү продукция менен камсыздай ала турган "Кристалл" заводу асмандан кандай көрүнөрүн Sputnik Кыргызстан агенттиги байкап көрдү. Ишкана 1985-жылы курула баштап, эки жылдан кийин товарлардын биринчи партиясы чыгарылган. Заводдун дал ушул жерге курулушунун да себеби бар. Нарын дарыясы, кварцтын кени жана ГЭСтердин курулушу өндүрүш үчүн жакшы шарт түзгөн.

"Кристаллдын" мурдагы башкы технологу Сүйдүнбек Калмырзаевдин айтымында, өндүрүштүн негизги максаты чип салынган монокремнийлүү пластиналарды чыгаруу болгон. Ал учурда жогорку технологиялуу мындай продукция чыгарган заводдор саналуу гана болчу.

"Ошол учурда мындай пластиналарды чыгаргандар дароо эле миллиардер болор эле. Бул абдан кирешелүү өндүрүш. Пластиналар азыр бардык жерде — телефондо, компьютерде, сыналгыларда колдонулат. Уникалдуу жаратылыш шартыбыздан улам анын наркы япондордукунан эки эсе арзан болмок. Япондор сууну муздатууга аргасыз, бизде суу өзү эле муздак", — деди Калмырзаев.

Ишкананын мурдагы кызматкери чет элдик атаандаштар аны жок кылуу үчүн атайын эле сатып алган деген пикирде. Банкрот болгон завод азыр өзгөчө коркунуч туудурууда. Анткени бул жакта 80 тонна уулуу трихлорсилан сакталган. Андан бир жолу эле дем алган киши өлүп калышы мүмкүн.

Тонналаган айнек алдынан балдардын сөөгү табылган: шаар трагедиясы жана үмүт - Sputnik Кыргызстан
Айнек алдында калган балдардын сөөгү. Шаар трагедиясы жана үмүт
"Газ бетон менен арматураларды жеп, алар жараксыз абалга келүүдө. Дубалдагы бул сары тактарды көрдүңүзбү? Бул жерден трихлорсилан чыккан. Алар сакталган атайын идиштер жараксыз болуп, иштен чыгып жатат. Эгер бир нерсе болуп газ абага тарап кетсе экологиялык катастрофанын масштабын элестетүү кыйын", — деди технолог.

Калмырзаевдин айтымында, калдыктарды жок кылуу үчүн бир нече жыл мурда бөлүнгөн каражаттар өз максатында колдонулган эмес. Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогону менен андан майнап чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0