Бразилияда машинаны бүлдүргөн жылкы түрмөгө түштү. Абактагы видео

Жазылуу
Аттын ээси келтирилген чыгымды төлөп берүү милдетин алгандан кийин жылкы камактан чыгарылган

Бразилиянын Сержипи штатында машинаны бүлдүргөн жылкы түрмөгө түшкөнүн Globo порталы маалымдады.

Ага ылайык, жылкынын ээси аны менен сейилдеп жүргөндө жанына кишилер келип, ат мингиси келгенин айтышкан. Ал макул болгону менен жылкы алардан чочуп, машинаны бүлдүргөн. Окуя болгон жерге укук коргоо органынын өкүлү келип, атты полициянын участкасына алып кеткен.

"Полицияга барсам атымды кылмышкер сыяктуу темир торго камап коюптур. Ага жем, чөп, суу берилбептир. Ага түндө жем-чөп алып баргам, эртең менен аны да берүүгө уруксат беришкен жок", — дди аттын ээси.

Ал келтирилген чыгымды төлөп берүү милдетин алгандан кийин жылкы камактан чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0