(1:16 / 9.89Mb / )

Элден төрт эсе жогору айлык алышчу... Өлкөнүн уран шахталарынан үрөй учурган кадрлар

887
(жаңыланган 12:38 18.11.2017)
Мурдагы жумушчулардын айтымында, согуштан кийинки ачарчылык учурунда мында иштегендер эки айлык маянасына бир унаа алганга алы жетчү

Майлуу-Суу шаарына жакын жердери жабылып калган уран шахталарынын азыркы абалын Sputnik агенттигинин кабарчылары көрүп келди. Бул уран кендерин согуштан соң, тагыраак, 1946-жылы иштете башташкан. Негизинен ал жакта кечээги эле студент-кенчилер, фашисттик туткунда болуп кайткан кызыл армиячылар, кулакка тартылгандар, дворяндар жана Майлуу-Сууга көчүрүлгөн крым татарлары менен немистер иштеген.

Мифтерде айтылгандай, шахтага элди мажбурлап айдашкан эмес. Алар нан заводуна же колхозчу болуп ишке жай гана орношо алышкан. 40-жылдардын аягында Майлуу-Сууда уран кенинин тоо тилкесин жетектеген, Эмгек Кызыл туу орденинин ээси Леонид Бешер-Белинскийдин эскерүүсү боюнча ал ишканада абдан көп акча төлөп беришкен.

"Менин маянам айына 3-8 миң рублге чейин чыкчу. Азыркы окурманга бул сумманын көптүгүн түшүндүрүү үчүн ал убакта жарым литр арак 23, ал эми шампандын бөтөлкөсү 27 рубль турганын мисал келтирейин. 1949-жылдын соңунда ишканага наркы 11 миң рубль турган "Москвич-400" келди. Албетте, унааны сатып алууну каалагандардын саны үчтөн көп болду", — деп жазган ал киши өз китебинде.

Уран шахтасынын кызматкери Андрей Баширов атасы дарыгерлердин насааты тууралуу айтканын эскерет. Алар элге мындай жумушта арак жана тамекини көп колдонуу болбостугун эскертишкен экен. Медиктердин кеңешин кулак сыртынан кетиргендер жаман кеселден эрте каза табышкан, ал эми өз саламаттыгына кам көргөндөр улгайган куракка чейин жетишкен.

"Коңшум Аким Садыков 17 жашынан бери кенди талкалаган тегирменде (барабанда) иштеген. Бул эң кооптуу өндүрүш. Эрежеге ылайык, кенге кирердин алдында беш стакан сүт ичип турган. Аким Садыкович ал жерде 15 жыл иштеген! 82 курагында экинчи ирет үйлөнүп, 90 жашын белгилеген соң дүйнө салды", — деди Баширов.

60-жылдардын аягында шахталар жабылган. Уран байытылган бир фабриканы жардырып, бетон куюшкан. Башка биринин ишин токтотуп, анын ордуна "Изолит" заводун курушкан. Анда 30 жыл электр тогун өткөрбөй турган материалдар, мисалы, бүткүл СССРге белгилүү болгон көп түстөгү жабышчаак тасма өндүрүлгөн.

Бул тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган лонгридден окуй аласыздар>>

887
Белгилер:
Майлуу-Суу, шахта, уран
Тема боюнча
Айнек алдында калган балдардын сөөгү. Шаар трагедиясы жана үмүт
Завод сатып алгыла! Же Кыргызстан кандай ири аукциондорду өткөргөн

Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео

1701
(жаңыланган 17:11 21.09.2021)
Конвой абактын ичиндеги кызматкер эмес. Ал өмүрүн тобокелге салып айыпталуучуларды бир абактан экинчисине ташыйт же сот отурумуна алып барат.

Иш моралдык жактан оор болгондуктан баары эле чыдай бербейт. Кызмат кимдер үчүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу билип келди.

Конвойлор Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаментинде кызмат өтөйт.

Аталган департаменттин жетекчисинин орун басары, полковник Муратбек Кожобековдун айтымында, өздүк курам мөөнөттөгү аскерлерден жана офицерлерден турат.

Заместитель начальника Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН Муратбек Кожобеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаменттин жетекчисинин орун басары, полковник Муратбек Кожобеков
"Көбү 18-19 жаштагы анык мөөнөттөгү кызматкерлер. Аларды бир айлык карантинде окутуп, ок атканды үйрөтүп, уставдын беренелерин, мыйзамдарды жаттатып, даярдыктан өткөндөн кийин сынак тапшыртып кызматка дайындайбыз. Андан сырткары, офицер, прапорщиктер бар. Алардын жаш курагы 30-40тын тегерегинде. Офицердик курам толугу менен кызмат өтөөдө, бош орун деген бизде аз", — деди Кожобеков.

Департаментте иш таң атпай башталат. Аскерлер көнүгүү жасап, тамактанып, ишке даярдык көрүшөт. 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт.

Унаанын алды жагына айдоочу менен кароол башчы, арт жагына автоматчан күзөтчү менен кароол башчынын жардамчысы отурат. Алар бири-бири менен үн берүүчү аппарат аркылуу байланышта болушат.

  • Автомобиль для перевозки осужденных на территории Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН
    Конвойлор саат 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники ГСИН на территории СИЗО №1 в Бишкеке
    Унаада айыпталуучуну бир нече аскер кайтарып, коштоп барат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН у служебного авто
    Кызмат өтөгөндөр жолдо ар кандай учурларга туш болобуз дейт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН
    Абакка түшкөндөрдүн айрымдары качууга аракет кылат экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН на онлайн судебном заседании
    Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН ведут задержанного
    Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН на онлайн судебном заседании
    Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Конвойлор саат 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт

Конвой менен биздин тартуу топ дагы ЖАМКтын 21-мекемесине барды. Эл ичинде №1 тергөө деп айтылган жайга сырттагыларды дыкат текшерип киргизишет экен. Бул жактан конвойлор соттолуучуну Аскер прокуратурасына алып жөнөштү.

Департаменттин 2-ротасынын кароол башчысы Иманбек Султангазиев жолдон ар кандай учурлар болуп кетерин жашырган жок.

Начальник караула 2-й роты Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН Иманбек Султангазиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Департаменттин 2-ротасынын кароол башчысы Иманбек Султангазиев
"Кол салган учурлар болгон. Эми курал менен кол салуу эмес, мушташуу ыкмалары болот. Качып кеткиси келгендер бар. Мисалы, бир жерим ооруп жатат деши мүмкүн. Бизди алаксытып, манёвр да. Анын бардыгын бизге окутат, үйрөтөт, ошонун бардыгын практика жүзүндө колдоно билебиз. Менин милдетим автоунаанын ичиндеги аскерлер менен айыпталуучулардын жана соттолуучулардын коопсуздугуна кам көрүү", — деди Султангазиев.

Автоунаа абактагыларды бир жерден экинчи жерге ташууда жолдон себепсиз токтобошу керек. Бул үчүн ЖАМК унааларга орноткон GPS-навигатор аркылуу байкоо жүргүзүп турат.

Сотрудники ГСИН проходят обучение в СИЗО №1 в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өздүк курам мөөнөттөгү аскерлерден жана офицерлерден турат

Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт. Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө. Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Ошондой эле абактын тышында мунарада автоматчан турган аскерлерди көрсөңүз керек. Бул милдетти да ЖАМК департаментинин кызматкерлери аткарат. Алар өз аймагынан кылмышкерди качырбашы керек, зарыл учурда курал колдоно алат.

Наблюдательный пункт на территория колонии № 27 в Молдовановке. 08 сентября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Абактын тышында мунарада автоматчан турган аскерлерди көрсөңүз керек. Ал милдетти департаменттегилер аткарат

"Уставдын жана беренелердин негизинде жалгыз сакчы болуп турганда өз алдынча колдонууга (курал) укуктуу. Ал командирдин же жетекчинин буйругун күтпөйт", — дейт департаменттин жетекчисинин орун басары Муратбек Кожобеков.

Департаментте кызмат өтөөгө ашыккандар көп дейт жетекчилер. Себеби оңой эмес жумушта аскерлер бышат. Биринчи батальондун командири, подполковник Рахат Токтоналиев болочок аскерлерге кеңешин берди.

Командир 1-го батальона Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН подполковник Рахат Токтоналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Биринчи батальондун командири, подполковник Рахат Токтоналиев
"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын департаментине кызмат өтөөгө военкоматтарда сынак өтө эле күчтүү. Себеби ал жактан кызмат өтөп кеткен аскер кызматкерлери башка күч түзүмдөрүнө такшалып барат. Жаңы келип жаткан аскер кызматкерлери үчүн кызмат оор эле болот . Ошого чыдап, эрктүү болушу керек. Эч нерседен тайманбагыдай болуп, жан дүйнөсүн даярдап келиши шарт. Баарына чыдайм, көтөрө билем деп. Ошондо, менимче, кызмат оңой жана жеңил өтөт", — деди Токтоналиев.
Сотрудники ГСИН на территории СИЗО №1 в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Департаментте кызмат өтөөгө ашыккандар көп дейт жетекчилер. Себеби оңой эмес жумушта аскерлер бышат.

Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери Кыргызстан боюнча иштеп, облус жана шаар аралап айыпталуучуларды ташыйт. Ошондой эле Россия жана Казакстан сыяктуу келишим түзүлгөн мамлекеттерден соттолгондорду алып келет.

1701
Белгилер:
ЖАМК, конвой, видео, репортаж, кызмат
Тема боюнча
Темир тор артындагы өлүм: Кыргызстандын абактарында кантип дарылашат
№50 абактан 9 кылмышкер качкан кандуу окуя. Кимдер жазаланып, эмне өзгөрдү?

Жер жамынган кызыл ажыдаар жылып келе жаткандай. Испаниядагы лаванын видеосу

116
(жаңыланган 15:25 21.09.2021)
Социалдык тармакта вулкан атылган аймакта лаванын ошол тегеректеги жүздөгөн үйлөрдү "жутуп кеткен" видеосу тарады. Ал көрүнүш Испаниянын Пальма аралында тартылган.

Эль-Пасо муниципалитетине караган аймактагы Кумбре-Вьеха 19-сентябрда атыла баштаган. Буга чейин Испаниянын улуттук географиялык институту сейсмикалык активдүүлүктү байкаган. Бир апта ичинде жер кеминде 25 миң ирет термелген. Акыркы маалыматтар боюнча, жүздөгөн үйлөр лаванын илебине туруштук бере албай, жарактан чыкса, 5000ге чукул жашоочуну коопсуз жайга көчүрүүгө туура келген.

"Эгерде өрт чыкса, жок дегенде таш калат, имаратты кайра калыбына келтирүүгө болот. Ал эми лава жолунан кезиккенди шыпырып жок кылып жүрүп отурат. Үйлөр май сыяктуу эле эрип, капкара болуп күйгөн жер гана калат", — деп айтып берген жергиликтүү тургундардын бири РИА Новостиге.

Маалыматта вулкандын лавасы эми деңизди көздөй ага баштаганы, анын саатына болжол менен 700 метрге жылып жатканы айтылды.

Мурдагы Тенегия вулканы 1971-жылы атылган.

85 миңге чукул адам жашаган бул аралда жанар тоонун атылышынан бир жума мурда жер тез-тез титирей баштаган.

116
Белгилер:
Испания, жанар тоо, лава, Пальма аралы
Тема боюнча
Жердин бетин өрт каптагандай... Африкадагы жанар тоонун видеосу
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров. Архив

ЛГБТны Чеченстанда да коргоого чакырган Байденге Кадыров жооп берди

0
(жаңыланган 23:35 21.09.2021)
Чечен Республикасынын президенти АКШ лидерине тамаша иретинде жооп берип, өз өлкөсүнө чакырган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөп жатып ЛГБТны коргоого чакырды.

"Биз, баарыбыз, ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп турушубуз керек. Алар Чеченстанда же Камерунда, же дүйнөнүн башка бурчунда болобу, эч нерседен коркпой сүйүүсү менен ачык жашашы керек", — деди Байден.

Көп өтпөй Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ага Telegram-каналы аркылуу жооп кайтарганын RT жазды.

"Байден ушунчалык акылга сыйгыс билдирүү жасады, жооп катары биздин республикага чакырам. Ал Чечен Республикасына келип бизде жадагалса андай сөз дагы жок экенин көрүп кетсин. Алардын ордуна бизде тооктун күйөөсү бар", — деп жазып, каткырган быйтыкча койгон.

Белгилей кетсек, учурда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы өтүп жатат.

0
Белгилер:
АКШ, Жо Байден, Рамзан Кадыров
Тема боюнча
Байден Австралиянын премьер-министринин атын эстей албай... Видео
Рамзан Кадыров UFC мушкери менен кармашты. Видео