(2:23 / 18.10Mb / )

Мушкерлердин кыл чайнашкан кармашы! WEF Global 10 турнири кандай өттү

1113
(жаңыланган 17:29 24.11.2017)
Беттеште Украина, Россия, АКШ, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мушкерлери ат салышты

Кечээ борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын эл аралык "WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары" аттуу юбилейлик турнири болуп өттү.

Анын алкагында 18 беттеш өтүп, WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн алты мушкер күч сынашты.

Беттеште "Алгыр" каймана аты менен таанымал кыргыз мушкери Актилек Жумабек уулу россиялык Магомедрасул Магомаевди биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Ал эми "Азия аюусу" аталган өзбекстандык Мурод Хантураев Россиядан келген Константин Андрейцевге, "Сайфулло" каймана аты бар кыргызстандык Кылычбек Саркарбаев АКШнын намысын коргогон Али Мухаммедге утулуп, чемпиондук курдан куру калышты.

Мындан сырткары, рейтинг үчүн 15 жуп күч сынашууга чыккан. Беттеште Украина, Россия, Америка, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мушкерлери ат салышты.

1113
Белгилер:
Актилек Жумабек уулу, мушкер, спорт, WEF Global, Кылычбек Саркарбаев, Мурод Хантураев
Тема боюнча
Мушкерлердин багын ачкан WEF федерациясынын тарых-таржымалы
Хантураев: эмки жылы Тилек Жээнбеков менен беттешейин, жарайбы?

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

72
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

72
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео

Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео

95
(жаңыланган 10:32 23.06.2021)
Бразилиядагы футбол боюнча чемпионатта "Фламенго" жана "Брагантино" командаларынын ортосундагы мелдештин бешинчи турунда футболчу топту дарбазага согончогу менен киргизди.

Өзгөчө топту оюндун 12-мүнөтүндө "Брагантино" командасынын коргоочусу Адерлан де Лима Силва киргизген. Айып талаадан берилген топту дарбазанын тушунан согончогу менен тээп гол жараткан.

Оюн "Брагантино" командасынын пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Акыркы голду аталган команданын футболчулары соңку мүнөттөрдө киргизишкен.

30 жаштагы Адерлан де Лима Силва команданын оң жактагы коргоочусу. Ал 2021-жылы клуб менен эркин агент катары келишим түзгөн. Ага чейин "Брагантино" командасында макулдашуунун негизинде маал-маалы менен ойночу.

95
Белгилер:
видео, гол, чемпионат, Бразилия
Тема боюнча
Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады