Бишкекте жетеленип жүргөн арстандын күчүгү Ак жолтой азыр кайда? Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары арстандын күчүгү кандай багылып жатканын видеого тартып келишти

Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байгеге коюлган карышкыр. Той ээси жырткычты кайдан алганын айтып берди
Октябрь айынын аягында Бишкекте арстандын күчүгүн мойнуна каргы тагып көчөдө жетелеп жүргөн кишинин жоругу талкууга түшкөн. Жырткыч жаныбарды керектүү документтери жок алып жүргөндүктөн күчү андан алынып, ага Ак жолтой деген ат беришкен.

23 күндүн ичинде ал бир топ эле салмак кошкон. Айдын башында болгону 13 килограмм болсо, учурда 20 килограммдан ашкан. Ак жолтойго алты ай болгонуна карабай энесинен эрте ажырагандыктан мажүрөө болууда. Адистер Ак жолтойго витамин берип, анын саламаттыгына тыкыр көз салууда.

"Тамакты жакшы жейт. Күнүнө 3,5 килограммдан ашык эт жеп жатат. Көбүрөөк кальций алсын деп уйдун жүрөгүн жана кемирчектерди берип жатабыз. Өзгөчө эркек арстандар табиятынан жалкоо келет, өмүрүнүн 80 пайызын уктоо менен өткөрөт. Бирок Ак жолтой кыймылдуу", — деди адистер.

Жакын арада арстандын күчүгү Караколдогу зоопаркка жиберилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0