Жээнбековдун кортежин ээрчиген белгисиз ак жолтандабас токтотулду. Видео

Жазылуу
Ак түстөгү Toyota Land Cruiser УКМК кызматкери тарабынан токтотулган

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин анын кортежин ээрчип алган ак түстөгү жолтандабас токтотулду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго бата берди
Видеонун кадрлары КТРКнын түз эфирине түшүп калган. Sputnik Кыргызстан ретранслция жүргүздү.

Инаугурациядан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жаңы өлкө башчы Сооронбай Жээнюеков Жогорку Кеңештин имаратына бет алган.

Видеодо Чыңгыз Айтматов проспектисинде президенттик кортеждин артынан ак Toyota Land Cruiser түшүп алганын көрүүгө болот. Кайгуул милиция кызматкерлеринин жанынан өткөндөн кийин белгисиз унаанын алдын бир кишинин тосуп калган. Алдын ала маалымат боюнча ал УКМКнын кызматкери экени айтылууда.

Жолтандабас токтоп, кортеж өз жолун уланткан.

Кайгуул милициясы окуянын чоо-жайын аныктап жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0