(1:34 / 12.39Mb / )

Фуралардын аягы көрүнбөгөн кезеги. Кыргыз-казак чек арасындагы абалдын видеосу

224
(жаңыланган 11:58 26.11.2017)
"Ак-Тилек" чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунан ары өтө өлбөй, кезек күткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны 470ке жетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Чек ара кызматынан кабарлашты.

Аталган ведомстводон чек арадан бир саатта алтыдан ашык автоунаа өтө албай жаткандыгын билдиришти.

Ал эми "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайында кезегин күтүп, 170ке чейин автокөлүк турат.

Белгилей кетсек, 10-октябрда кыргыз-казак чек арасынан өтүү кыйындай баштаган. Расмий Астана бул кадам чек арадан өтүп жаткан мыйзамсыз товарларды ооздуктоо үчүн жасалып жатканын билдирген.

224
Белгилер:
Казакстан, кыргыз-казак чек арасы, кезек, фура
Тема:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (87)
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фуралардын саны 500гө жетти
Кыргызстан менен достукту колдосуңуз кучак жайыңыз. Астанадагы акция
Назарбаев мени эч качан кечирбей турганын билгем. Атамбаев өз кадамдары тууралуу
Адис: Кыргызстанда сүт арзандашы мүмкүн, бирок ишкерлер сызга отурат

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

83
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

83
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!

Аскар Акаев УКМКдан чыкты. Видео

734
(жаңыланган 20:09 02.08.2021)
2-августта КРдин мурдагы президенти Аскар Акаев Бишкекке учуп келген. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып келишкен.

"Кумтөр" долбоорунун иши боюнча Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге коррупция беренеси менен издөө жарыяланган.

Тагыраагы, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаевдин дагы бар экенин айткан.

734
Белгилер:
Аскар Акаев, Кыргызстан, УКМК, Кумтөр, сурак
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга келди: азыр эмне болуп жатат. Тексттик баяндама
Акаев учактан түшүп келе жаткан сүрөт. "Манас" аэропортундагы бүгүнкү ирмем
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео