Кайсынысы күлүк? Гепардбы же машинабы? Тилден калтырган видео

971
(жаңыланган 14:26 10.12.2017)
Франциялык айдоочу учуп-конуу тилкесинде гепард менен жарышты

"Formula E" федерациясы машина менен гепарддын кимиси күлүк экенин сынап көрдү. Бул тууралуу CNN телеканалы жазып чыгып, видео FIA Formula E Championship уюмунун YouTube каналына жарыяланган.

Жарыш Африканын түштүк бөлүгүндөгү Батыш учуп-конуу тилкесинде болуп, франциялык айдоочу Жан-Эрик Верн темир тулпардын күлүктүгүн гепард менен жарышып сынаган. Алгач жырткыч машинадан ашканына карабай, марага аз калганда темир тулпар алдыга озуп чыккан. Гепард үч секундда саатына 110 чакырым саатка чейин күүлөнө алат.

Бул жарыш климаттын өзгөрүшүнөн улам сейрек жаныбарлардын жок болуп жатканына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулган. Маалыматка ылайык, дүйнө боюнча 7 миңдей гана гепард калган.

971
Белгилер:
гепард, жарыш, жаныбарлар
Тема боюнча
Веложарыш өтө турган жолго токтогон унаа спортчуларды жабыркатты. Видео

Димаштын сагынычы... Ырчы пандемиядан кийин кезектеги шедеврин тартуулады. Видео

224
(жаңыланган 21:06 05.12.2020)
Казакстандын дүйнөгө таанымал ырчысы Димаш Кудайберген коронавирус пандемиясынан берки топ жарган ырын жарыкка чыгарды.

"Я скучаю по тебе" аттуу жаңы ырын Москвадагы "Жаңы жылдык көгүлтүр оттун" видео жаздыруусунда аткарган. Анын автору композиторлор Игорь Крутой менен Игорь Николаев.

ЖМКлар Димаш туура тогуз айдан соң сахнага кайтканын жазышты. Анын чыгармасын бир күндө эле 45 миңден ашуун киши укккан.

224
Белгилер:
чыгарма, ыр, Димаш Кудайберген, Казакстан
Тема боюнча
Эркектей болуп ырда! Димаш бала кезинде шылдыңга кабылганын айтып берди

Токтоо тартып, окуяга сүңгүп кирип... Үмөттүн манас айткан видеосу

76
(жаңыланган 19:24 05.12.2020)
Жумурай журтка таанымал жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов Sputnik агенттигине Семетейдин Таласка келип Бакайга жолуккан жеринен үзүндү айтып берди.

Үмөт бул өнөр менен эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында кичинекей гений деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Ал редакцияга берген маегинде акыркы кезде эмне менен алектенип жүргөнүн, жаштардай интернетке көп кирбей турганын, режиссёр болсо Саякбай манасчы тууралуу тасма тартарын айтып, кичирээк чакта эсте калган учурлары жөнүндө кеп кылды. Кененирээк Sputnik даярдаган интервьюдан окуй аласыз

76
Белгилер:
Талас, Семетей, өнөр, манасчы, Манас, Үмөт Болот уулу
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Табият кырсыгынан тарта манасчы Дөөлөт жана дрондор шоусуна чейин. Апта ирмеми
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

0
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

0
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен