Кичинекей манасчы Кытайдагы таланттар шоусунда элдин оозун ачырды. Видео

Жазылуу
Синьцзян уйгур автономдуу районунда жашаган этникалык кичинекей кыргыз Кытайдагы таланттар шоусунда "Манас" эпосунун үзүндүсүн кыргыз-кытай тилдеринде айтып, калыстар менен элге жакшы маанай тартуулады.

Анын видеосун China Dragon TV телеканалы социалдык тармакка жарыялаган.

Өнөрүн көрсөткөн бала Манас айтуу менен гана чектелбестен комузда кол ойнотуп, кара жорго бийлеген.

Sino басылмасынын маалыматына караганда, кичинекей манасчы 10 жашта. Анын ата-энеси убагында Кыргызстандан СУАРга көчүп келген.

"Манас айтуучулук атаман берилген. Анын айтымында, эпоско болгон кызыгуум үч жашымда эле байкала баштаптыр", — деди кичинекей манасчы.

"Кичинекей мастер менен таанышып алгыла" аттуу шоу ар кайсы улуттагы элдин маданиятын даңазалоону көздөп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0