Өлүп калба! Мас болуп унаа айдоонун кесепетин көзгө сайып көрсөткөн видео

Жазылуу
Жол кырсыгынан дүйнө боюнча орто эсеп менен жылына 1,25 миллион адам каза болуп, 50 миллионго жакыны жаракат алат

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы жол кырсыктарын алдын алуу жана мас абалында рулга отургандарга эскертүү берген видеоролик жарыялады.

IV фестиваль образования в КГМА в столице - Sputnik Кыргызстан
Ош: милиция кызматкерлери кырсыктагандарга алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү
Анда ичимдик ичип унаа башкаруу ниетинде турган айдоочуга милиция кызматкери эки жолду сүрөттөп берген. Биринчисинде жолдон токтотулуп айыпка жыгыла турганын айтса, экинчисинде жол кырсыгына кабылып өмүрү менен кош айтышарын эскерткен.

Ошондой эле мас абалында автоунаа башкаруу олуттуу мыйзам бузуу болуп эсептелери айтылат.

Кыргызстанда акыркы 10 жылдын ичинде жол кырсыгынан 11 553 адам көз жумса, анын 958и — жаш балдар. Ал эми дүйнө боюнча орто эсеп менен жылына 1,25 миллион адам каза болуп, 50 миллионго жакыны жаракат алат деген эскертүүлөр көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0