Түз эфирде жасалган эксперимент каргаша менен аяктай жаздады

Жазылуу
Эки алып баруучу жана физика мугалими суюк азот жана кока-кола менен эксперимент жасашкан

Эксперимент Австралиянын Studio 10 телеканалынын түз эфиринде көрсөтүлгөнүн Daily Mail басылмасы жазды.

Крокодил длиной около 1,8 м был замечен на пляже во Флориде - Sputnik Кыргызстан
Флориданын пляжындагы крокодил элди чуру-чуу түшүрдү
Эртең мененки шоу учурунда алып баруучу Натарша Беллинг физика мугалими менен блоггер Жейкоб Стриклингге эксперимент жүргүзүүгө жардам берген. Стриклинг суюк азотту бөтөлкөдөгү кока-кола менен аралаштырып, аны ракета сыяктуу учурушкан.

Беллинг бул аракеттерди үйдө жасаса болобу деп кызыкканда физик "кел, өзүң кармап көр" деп сунуштаган. Ал бөтөлкөнү колу менен кармап турганда Стриклинг ага суюк азотту куйган. Теле алып баруучу капысынан бөтөлкөнү түшүрүп жиберип, ал катуу ылдамдык менен жогору көтөрүлүп, аз жерден башына тие жаздаган.

Катуу учкан бөтөлкө бактын бутагын сындырып кеткен. Теле алып баруучу олуттуу жаракат албаганы менен бир саамга кулагы укпай калган.

Интернет колдонуучулар мындай эксперименттин түз эфирде көрсөтүлүшүн сынга алып, эгер бөтөлкө кыздын башына тийсе ал мүрт кетмек деген пикирлерин жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0