Чечүүчү шайба! АКШда кубанган хоккейчи бөбөктөр кол кабын асманга ыргытты

Жазылуу
Бишкектин хоккей боюнча жаш оюнчуларынын курама командасы АКШда өтүп жаткан Barrington Ice Arena эл аралык кубогун жеңип алып, мекенине олжолуу кайтмакчы болуп турат.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине спорт оюндары боюнча өспүрүм балдардын олимпиадалык мектебинин директору Мейирхан Аманбеков билдирди.

Келечектин хоккеисти, сегиз жашар чабуулчу Нуртемир. Муз үстүндө төгүлгөн тер - Sputnik Кыргызстан
Келечектин хоккеисти, сегиз жашар чабуулчу Нуртемир. Муз үстүндө төгүлгөн тер
Чечүү шайба – буллитти команданын негизги чабуулчусу, №8 оюнчу Нуртемир Сулайманов киргизди.

Видеодо чечүүчү шайба атаандаштын дарбазасына киргенден кийин кыргызстандык кичинекей хоккейчилер кубанганынан кол каптарын, клюшкаларын асманга ыргытып, бир катарлары музга жата калып сүйүнүшкөн.

КРдин курама командасы Barrington Ice Arena кубогунда бир нече ирет жеңишке жетип, бүгүн оюнду жыйынтыктап, жеңүүчү болду. Ал эми бүгүн буллиттер сериясында Ice Dogs командасына жеңилүү ызасын тарттырды.

Жеңүүчүлөр Бишкекке АКШдан 8-декабрда келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0