(0:44 / 5.65Mb / )

Милициянын айрым унаалары жайкы дөңгөлөк менен жүрөт. Видео

228
(жаңыланган 15:43 07.12.2017)
Өткөн жуманын 2-декабрында ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) маалымат каражаттары аркылуу жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырган.

Ушул эле күнү активист Болот Ибрагимов Facebook баракчасына милициянын унаалары жайкы дөңгөлөк менен жүргөнүн видеого тартып жарыялады. Анда бир унаанын дөңгөлөгүндөгү "шишка" көрүнүп турган.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек шаарын кыдырып милициянын кызматтык унааларын карап чыкты. Жайынтыгында бир саатын ичинде эле кышкы дөңгөлөгү жок бир нече унаалар көзгө урунган.

ЖКККББдын маалымат кызматы бул маселе менен кызматтык унаалардын техникалык абалын караган бөлүм таанышып чыгарын билдирди.

"Бул факт боюнча ички териштирүү жүрөт. Андан соң кыш мезгилинде унааны авариялык абалда айдап жүргөндөр жазага тартылат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ведомствонун балансында бир нече жумадан бери колдонулбай турган көптөгөн кызматтык унаалар болгонун, эгер кабарчы ошол унааларды тартканы аныкталса жаза каралбай турганы кошумчаланат.

Ал эми кышкы дөңгөлөктөрдү алмаштырууга каражат бөлүнгөн-бөлүнбөгөнү боюнча суроого жооп ала алган жокпуз.

228
Белгилер:
дөңгөлөк, унаа, милиция
Тема боюнча
Автоунаанын кышкы дөңгөлөгүн алдыңызбы
Пикирлер