Ата сыймыгы! Кыргыз эли кубок кучактап келген жаш хоккейчилерди кантип тосуп алды

Жазылуу
АКШнын Чикаго шаарынан алтын утуп кайткан Бишкектин хоккей боюнча "Алга Бишкек" юниорлор курама командасы бүгүн таңда Кыргызстанга келишти. Жаш хоккейчилерди шаар мэри Албек Ибраимов, КРдин Хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов жана ата-энелер эл аралык "Манас" аба майданынан тосуп алышты.

Жаш спортчулар Barrington Ice Arena эл аралык кубогун утуп кайтышкан. Негизи командалык курамда 15 спортчу болушу керек. Бирок виза маселесинен улам Кыргызстандан 10 гана оюнчу бара алган. Ага карабай Американын төрт командасы менен беттеш өткөрүп баш байгени багындыра алышты.

Шаар мэри жаш хоккейчилерди жеңиши менен куттуктап, алар жыл соңунда Кыргызстанга чоң белек алып келишкенин белгиледи.

"Бул ийгилигиңер биздин курама команданын тарыхында чоң тамгалар менен жазылып калат. Силер кыргыз элинин духун өйдө көтөрүп келдиңер. Мындан ары да команданын кадамы арыштуу болуп, дагы да чоң-чоң жеңиштерди камсыздашы үчүн колдоо көрсөтүп, жардамыбызды аябайбыз", — деди Ибраимов.

Ал эми Хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов жеткинчектердин жеңиши америклыктарды таң калтырганын билдирди.

Турнир Aceh World Solidarity Tsunami Cup – 2017 в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча КР курамасы Индонезияда өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти
"Оюн бүткөндөн кийин бир америкалык журналист "эгер Россия, Щвеция, Финляндиядан келгендер болсо түшүнмөкмүн. Биз билбеген Кыргызстандан келип ойноп, улуу Американы утуп кетишти" деп айтыптыр. Өткөн жылы КВНчилердин жеңиши өлкөнүн башкы окуясы болсо, быйыл жаш хоккейчилердики болду", — деди федерация президенти.

Бишкектин хоккей боюнча курама командасынын капитаны Асан Абдыгулов "Ice Dogs-2" командасы күчтүү атаандаш болгонун айтат.

"Биринчи айлампада "Ice Dogs-2" командасы менен ойноп утулуп калганбыз. Финалда кайра ошол камандага туш келип жеңип алдык. Оюндун алдында машыктыруучубуз эгер алдыңкы орунга жетпесеңер оор көнүгүүлөр менен үч апталык "жаза" күтөт деген. Анын сөзү бизге дем берип жеңишке жетише алдык", — деди команда капитаны.

Чечүүчү шайба! АКШда кубанган хоккейчи бөбөктөр кол кабын асманга ыргытты - Sputnik Кыргызстан
Чечүүчү шайба! АКШда кубанган хоккейчи бөбөктөр кол кабын асманга ыргытты
Бишкектин хоккей боюнча курама командасы алгачкы беттешинде "Ice Dogs 2" командасы менен кез келип 11:7 эсебинде утулуп калган. Экинчи айлампада оюн талаасына Чикаго шаарынын курама командасы менен ойноп 9:3 эсеби менен уткан. Андан соң "Evelance" командасын 12:2 упай менен жеңип финалга жолдомо алышкан. Башкы беттеште биринчи айлампада утулуп калган "Ice Dogs-2" командасы менен чыгып катуу таймаш болгон. Оюндун биринчи бөлүгүндө 3:0 эсебинде атаандаштары алдыга чыкса, экинчи бөлүгүндө 4:4 болуп эсеп саны теңелген. Үчүнчү бөлүктө эки команда дагы бирден гол камсыздап 5:5 эсебинде тең чыгышкан. Жеңүүчүнү аныкташ үчүн буллит дайындалып, анын натыйжасында 8:7 эсебинде кыргызстандык оюнчулар баш байгеге ээ боло алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0