Иш күнү Баткен райондук салык кызматында бир да кызматкер жок болуп чыкты. Видео

Жазылуу
Күбөлөр 8-декабрь түштөн кийин аталган кызматка барып ал жактан бир да кызматкерди таппай чыгышкан.

Бүгүн, 8-декабрь күнү, түшкү саат 13:50дө Баткен райондук салык кызматында бир да кызматкер жумуш ордуна жок болуп чыккан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбөлөр билдирип видео жөнөтүшкөн.

Тасмада жергиликтүү тургундар аталган кызматка барып, ал жактан бир да салык кызматкерин таппай чыгышкан.

"Жумушта жетекчиден тарта калкты тейлөөчү кызматкерлер да жок. Эл кимге кайрылат? Түшкү тамактануу убактысы 12:30дан 13:30га чейин деп жазылып турат. Бүгүн күнгө жума деп эске алган учурда анда аял кызматкерлер кайда? Тиешелүү жетекчилер буга көңүл буруп коюшса жакшы болмок", — деп жазышкан күбөлөр.

Реализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом” - Sputnik Кыргызстан
Айрым ведомстволор коомчулукка маалыматтарды ачык жарыялай баштайт. Тизме
Ал эми Баткен райондук салык кызматынын жетекчиси Орозбек Тажибаев түшкү тамактануудан 13:00дө эле келгенин айтып, баары иштеп жатканын айтты.

"13:15те мен өз иш бөлмөмдө отургам. Маалыматты силерге жөнөткөн киши эч кимди таппай жатса мага келбейби. Эгер имаратта эч ким жок болсо ал бекип турмак да", — деп жооп берди Тажибаев.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0