"Ак аюу" атаандашы Проценко менен жулкулдаша кетти. JFCнин көз караштар таймашы

Жазылуу
JFC ММА 3 турнири эртең, 9-декабрда, Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт

"Ак аюу" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев украиналык атаандашы Юрий Проценко менен эртең боло турчу JFC турниринин салмакка түшүү жана көз караштар таймашы аземинде жулкулдашып кетти. Бул тууралуу иш-чарага жеринен катышкан Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти билдирди.

Эске сала кетсек, "Жаш күч" спорттук клубунун аралаш мушташ боюнча "Jash Kuch Fighting Championship-2017" эл аралык турнири эртең, 9-декабрда, борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев: атаандашым Проценко "муунтам" дегени үчүн жооп берет
Программада 12 беттеш бар. Анын ичинде кыргызстандык "Жаш күч" жана Чеченстандын "Ахмат" спорттук клубунун мушкерлери "Жекеме жеке" мелдештик жолугушуусун өткөрөт. Эки командадан төрттөн мушкер чыгат.

Ошондой эле кеченин башкы беттешинде чемпиондук кур үчүн "Ак аюу" каймана аты менен таанымал Мыктыбек Мамасалиев менен украиналык Юрий Проценко күч сынашат.

JFC чемпиондук наамы үчүн ат салышкан эки мушкер буга чейин бири-бирине сес көрсөткөн кадамдарды жасаган. Проценко "сени муунтам" десе, Мамасалиев "айтканың үчүн беттеште жооп бересиң" деген. 

JFС ММА турнири Бишкекте үчүнчү ирет өтүп жатат. 2015-жылы кыргызстандык Замирбек Сыргабаев америкалык атаандашы Джефф Монсонду баш көтөртпөй жеңип алса, 2016-жылкы турнирде кыргыз мушкери Данияр Бабакулов чемпиондук курга ээ болгон.

JFC ММА турниринде күч сынаша турчу спортчулардын тизмеси:

70 килограммга чейин

Эльдор Эронов (Өзбекстан) — Авазбек Жоробаев (Кыргызстан)

61 килограммга чейин

Бахтияр Несипбек (Казакстан) — Абдибаит уулу Айдарбек (Кыргызстан)

77 килограммга чейин

Хусниддин Нишонов (Өзбекстан) — Таштанкул уулу Руслан (Кыргызстан)

70 килограммга чейин

Еркын Дарменов (Казакстан) — Жыргалбек Эмилбеков (Кыргызстан)

77 килограммга чейин

Бихтире Турсунов (Тажикстан) — Фарух Абдужаббаров (Кыргызстан)

77 килограммга чейин

Андрей Белык (Украина) — Дарханбек Эргешов (Кыргызстан)

61 килограммга чейин

Абдукаюмов Сирожиддин — Бахтияр Тойчубаев

"Ахмат" (Чеченстан) жана "Жаш-Күч" (Кыргызстан) спорттук клубунун мелдештик жолугушуусу.

84 килограммга чейин

Мурад Идрисов — Белек Абдыжапаров

70 килограммга чейин

Али Мургулчиев — Орозбек Марипов

70 килограммга чейин

Амирхан Адиев — Эрлан Улукбеков

61 килограммга чейин

Замир Арипшев — Тилек Батыров

Чемпиондук кур үчүн беттеш, 100 килограммдан өйдө

Юрий Проценко (Украина) — Мыктыбек Мамасалиев (Кыргызстан).

Жаңылыктар түрмөгү
0