"Башка планеталык келгиндердин дискотекасы": видеону жүз миңден ашык адам көрдү

Жазылуу
Жаратылыш кубулушунун видеосун бир нече күндө 174 миңден ашык адам көргөн

Австралиянын Кимберли округунда тартылып алынган чагылгандын видеосу интернет колдонуучулары арасында катуу талкуу жаратканын РИА Новости жазып чыкты.

Высотой до облаков — захватывающее видео смерча в Италии - Sputnik Кыргызстан
Италиядагы суу куюндун бийиктиги булуттарга чейин жетти. Видео
Көпчүлүктү таң калтырган жаратылыш кубулушунун видеосун Жефф Грин тартып алган. Аны бир нече күндүн ичинде эле 174 миңден ашык адам көрдү.

Интернет колдонуучулары видео "Шакектер шаасы" тасмасын эске сала тургандыгын айтышса, кээ бири монтаждалып жасалгандыгын билдирген. Ал эми BooAdmin деген колдонуучу аны "башка планеталык келгиндердин дискотекасы" деп сүрөттөгөн.

Жаратылыш кубулушун тартып алган адамга ыраазычылык билдирип, ага суктангандар дагы болбой койгон жок.

Fox8 телеканалы жазгандай "Далия" циклону Австралиянын батыш жээгинде декабрдын башында болгон. Учурда ал жакта жайдын келиши менен жаан-чачындын мезгили башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0